Дүйнөнү өзгөрткөн Билл Гейтс жана үч замандашыбыз

23-Май 2017, Шейшемби

Дүйнөдөгү эң бай жана “Microsoft” компаниясынын негиздөөчүсү Биллу Гейтс 58 жашка толду. Андан сырткары өз эмгеги менен келечекке жол ачкан үч адамды эске салсак.

Билл Гейтс

Келечектеги мультимиллиардер биринчи алгачкы эсептөө, программалоо иштери боюнча мектепте эле баштаган. Ал жерден Пол Аллен менен кийин Гарвард университетинен Стив Балмер менен таанышкан. Достор “Microsoft”ту негиздеген убакта Билл болгону 18 жашта болгон.

“Мен компютерге ушунчалык байланып калгам бир нече сааттар бою жана эс алуу күндөрү дагы программалоо иштери менен алек болгом,-дейт Билл Гейтс өзүнүн “Forbes” журналына берген маегинде. Ален экөөбүздү компьютерге жолотпой койгон убактар дагы болгон. Себеби экөөбүз сыр сөздөрдү уурдап жана системаны бузган убактар да болчу. Ата-энем бүтүндөй жай мезгилинде мени жазалашкан-бул мен үчүн өлүм менен тең эле”.
Бүгүнкү күндө дүйнөдө адамдардын көпчүлүгү күн сайын анын автору болгон “Windows” системасын колдонушат. Гейтс муну менен токтоп калбай кайрымдуулук үчүн ири суммадагы жардамды берүү менен жубайы жана “Билл” фондунун жетекчиси Мелинда Гейтс менен бирге көптөгөн миллиардерлерге үлгү болуп келишүүдө. Бай адамдын эң биринчи максаты СПИД оорусу менен курөшүү жана жакыр өлкөлөрдөгү балдардын безгек оорусу менен күрөшүү болуп саналат. Ошентип, Билл коопсуз жана жайлуу келечек курууну үмүттөнүүдө.

Илон Маск

Бир адам 10 жылдан кийин Maрстагы бакчасында жашылчаларды өстүрөм десе албетте, аны жинди деп эсептешет. Бирок, ошол эле адам космоско бир нече ракета учуруп, алар ийгиликтүү Марска жетсе анда ага башка дарт табуу керек.

Миллиардер Илон Маск, “PayPal”дын негиздөөчүсү жана 2002-жылы “SpaceX”ды түзгөн. Бул компания космостук ракеталарды долбоорлоп, чыгарат жана учурат. Акыркы жыйынтыгы таң калаарлык адамдар космоско учуп, бир планетадан экинчисине саякаттап жана жашаса да болот мисалы, Венерада.

«Туризм — бул кемсинтерлик сөз, — деп түшүндүрдү Маск өзунүн “Wired” журналына берген маегинде. — адамдардын ишенбөөчүлүгүнө карабай менин негизги максатым ,- башка планеталарда жашоого мүмкүнчүлүк түзүү”.

Джеймс Томсон

1998-жылы, америкалык илимпоз Джеймс Томсон коомчулук жаңы ачылышы менен таң калтырган: ал адамдын эмбрион канын ажыратпай жана жасалма эмбриондук клеткалардын бир колониясын өстүрүүгө болоорун ачкан.
Укмуштуудай клеткаларды адамдын жабыр тарткан денесине кадимки инъекция жолу менен сайып, алар көбөйүп, ошону менен бирге орган “жашара" баштаган. Бул клеткаларды Томсон тарабынан иштеп чыккандан баштап медицина тармагы алдыга чоң кадам таштады. Бүгүнкү кундө ар башка өлкөлөрдүн окумуштуулары оорулуу адамдын жилик чучуктагы клеткалардан жаңы жүрөк, боор өстүрүшүүдө. Мисалы, америкалык дарыгерлер инфаркт миокард дартынан өзүнүн жилик чучук клеткаларынын жардамы менен жаш баланын өмүрүн сактап калышты.

Бул клеткалардын потенциалы эң күчтүү эгер андан адамдын органын өстүрүүгө жана жашартууга мүмкүн болсо. Бул деген келечекте түбөлүк жашоодо жашып калуу болуп журбөсүн.

Питер Хиггс

Быйыл 84 жашка чыккан Британмиялык физик Питер Хиггс Белегиялык окумуштуу Франсуа Энглер менен биргеликте Нобель сыйлыгын алышты. Питер мындан 50 жыл мурун болжолдоп койгон физика тармагындагы жаңы элементардуу бөлүкчө болгон-Хиггс бозона ойлоп тапкан. Бул ачылыш аз да болсо физиктердин Аалам тууралуу ойлорун алмаштырды.

Башталгыч бөлүкчөлөр теориялык түзүлүшүндө - Хиггс бозону (баасы 10 млрд доллар) адронн коллайдеринин жардамы менен өткөн жылы табылган. Бул стандартуу моделдин акыркы бөлүкчөсү болуп саналат. Ал өтө маанилүү керек болсо Нобель сыйлыгынын лауреаты Леон Ледермандын китебинде Хиггс бозону “Кудайдын бөлүкчөсү” деп атаган.
Аны окумуштуулар тарабынан изилдөө дүйнө жүзү боюнча ызы-чуу жаратты. Себеби акыркы коллайдердин элементардуу бөлүкчөлөрү микроскопиялык кара тешиктерди түзөт жана ал чынжырча түрүндө бүт ааламды кара тешикке айлантып салуу коркунучу пайда болушу ыктымал эле. Бирок, бактыга жараша, эч нерсе болгон жок, Хиггстин ачылышы менен илимпоздор акыры мейкиндик жана анын милдеттерин келип чыгышы жөнүндө көптөгөн суроолорго жооп берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!