Жубайлардын жаш өзгөчөлүгү кандай болуу керек?

Жубайлардын жаш өзгөчөлүгү кандай болуу керек?
7-Июнь 2017, Шаршемби

Эзелтеден бери эле дал ушул суроо эл ичинде көптөгөн талаш-тартыштарды жаратып келет. Айрымдар "жакшы жашап кетиш үчүн жубайлардын ортосундагы жаш айырмачылык аз болуш керек" десе, кээ бирлер "күйөөсү аялынан көп жаш улуу болгондо гана бактылуу болушат" деген ойлорун билдиришет. Ал эми изилдөөчүлөр болсо төмөнкүлөрдү айтышат...

Эгерде жубайлардын ортосундагы жаш өзгөчөлүк...

1 же 17 жаш болсо: Көпчүлүк мындай жубайлар бири-биринин материалдык, финансылык ал-абалына карап баш кошушат. Андыктан, алардагы ишкердик мамиле өтө жакшы болот. Натыйжада, үй-бүлөдөгү материалдык абал ойдогудай түзүлөт.

2 же 18 жаш болсо: Буларда бардыгы тең иллюзия. Тактап айтканда, жашоого реалдуу карашпайт, тескерисинче, сезимге жана жалпы кызыкчылыктардын окшоштугуна гана карап бирге жашашат. Чогуу өмүр сүрүүнүн алгачкы жылдарында бири-бирине болгон жактыруу сезими бара-бара тез эле жоголуп, алтургай жек көрүүгө, кастыкка айланып кетиши, ажырашуу күтүлөт.

3 жаш болсо: Дайыма атаандашуу, теңтайлашуу, эрегишип-өчөшүүдөн улам ортодогу мамиле жайында эмес. Ошол себептен жубайлардын турмушу ар качан бычактын кырында болот. Татаал мезгилдерде бирөөсүнүн башына оор сыноо келсе, экинчиси түгөйүн ушактагандан да кайра тартпайт.

4 жаш болсо: Аздыр-көптүр жубайлардын ортосунда сый мамиле, бири-бирине көмөк көрсөтүү, биргелешип иштешүү бар. Гармониялуу үй-бүлө болуп жашап кетүүлөрүнө мүмкүнчүлүк көп. Ошондой болсо да, чыр-чатакка, турмуштун бузулушуна жол бербөөгө абдан аракеттенүүлөрү зарыл. Болбосо убакыттын өтүшү менен баары жаман жакка өзгөрүп кетүүсү ыктымал.

5 же 10 жаш болсо: Түгөйлөрдүн экөөнүн тең ар бир бүгүнкү кылган иш-аракеттери алардын эртеңки жашоосуна, келечегине тыгыз байланыштуу. Дал ушундай окшоштук жубайларды дайыма бириктирип, бир багытты көздөтүп турат. Бирок өмүрдүн узак жолунда бирөө баштоочу, башкаруучу болсо, экинчиси аны артынан ээрчүүчү, ага баш ийүүчү болушу кажет.

6 же 9 жаш болсо: Ортодогу мамиле өтө эле оор. Каалашса да, каалашпаса да, кыйынчылык менен уруш-талашка,бөтөн бирөөлөрдүн бузукулук иштерине, тууган-уруктардын арам ойлоруна туш болуу менен өмүр өткөрүшөт. Мындай жашоодо тынч, бир калыпта жүрүүнү жактырбаган, ызы-чууга нерви чыдамдуу адамдар оңой жашап кете алышат.

7 же 14 жаш болсо: Бул жубайларда табышмактуулук көп: ортодогу толгон-токой жашыруун сырлар, түшүнүшпөстүк, бир сөзгө келише албастык, качан болбосун сырттан кимдир бирөөнүн жашоолоруна кийлигише берүүсү... Мунун баары түгөйлөрдү акыры эмнеге алып келери белгисиз: каршылыктарга туруштук бере алуугабы, же сынып жок болуугабы...

8 жаш болсо: Гармониялуу, ынтымактуу үй-бүлө. Жубайлардын жан дүйнөсү тынч, өзүлөрү болсо чексиз бактылуу, бири-бирине ажырагыс болуп байланып калышкан. Аялы күйөөсүнөн, күйөөсү аялынан жардамын аябайт. Мамиледеги стабилдүүлүк, ич ара ишенимдүүлүк кармашкан колдорунун түбөлүккө ажырабоосуна өбөлгө болот.

11 жаш болсо: Экөөнүн жашоосу эртең эмне болуп кетет, алдын-ала айтууга эч мүмкүн эмес. Анткени, үй-бүлөдөгү дайыма болуп туруучу ортодогу мамиленин өзгөрмөлүүлүгү, лидерликти тынымсыз талашуу, бирин-бири сындай берүү - бүтпөгөн чыр-чатактын себептери. Булардагы бир жакшы сапат: азыр урушса, анан эле кайра табышып алуулары мүмкүн.

12 жаш болсо: Жаңы үйлөнгөн кезде баары ойдогудай көрүнгөнү менен бара-бара түшүнүшпөстүк, келише албоочулук жогорку деңгээлге жетет. Андыктан, ажырашып кетүү коркунучу чоң. Түгөйлөрдүн бири экинчисинин ийгиликтерине көрө албастык менен ар дайым бут тосуп, тоскоолдуктарды жарата берет. Мунун акыры жамандык менен бүтүшү да ыктымал. Мисалы, өлтүрүп коюудан да кайра тартпайт.

13 жаш болсо: Ортодогу мамилеге көзгө көрүнбөгөн күчтөр бирдей таасир этип турушат. Дал ушул себептен, жубайлар үчүн алардын эртеңки күнү, келечеги кандай болору алдын-ала белгилүү сыяктуу сезилет. Аң-сезимдин, түшүнүктүн кайра жаралуусун, жаңылануусун көздөп, диний көз карашка ээ болушат.

15 жаш болсо: Түгөйлөрдүн бири-бирине тартылуусу өтө күчтүү. Эч качан ажырашпай бирге жашашат. Бирок турмуш жолунда сак боло турган мезгилдери да келет: же бири экинчисине жаңылбоого, жашоонун туура багытын табууга жардам берет, же тескерисинче, туура жолдон адаштырат.

16 жаш болсо: Бирин-бири толуктап турган, бири экинчисинин ой-максатын, каалоосун, жан дүйнөсүн айттырбай түшүнүп, көрүп-билген жубайлар. Экөөнүн үй-бүлөдөгү ич ара мамилеси "мугалим менен окуучу" деген схемага туура келет. Качан болбосун, сүйүүнү сактай билүүлөрү зарыл. Себеби, сүйүүнү жек көрүүгө айлантып алышса, ортодо "согуш" жүрүп кетиши ыктымал жана ал "согушта" боор толгоо, кечирүү, аёо сезими таптакыр өчүп калат.

Ал эми жалпысынан караганда...

Эгерде күйөөсү менен аялы тең болсо: Статистикага көз жүгүртсөк, бирдей курактагылардын көпчүлүгү - эрте үйлөнгөндөр, ошондой эле 20 жашка чейинки жаш жигиттердин дээрлик басымдуу бөлүгү өзү менен тең чамалаш кыздарга баш кошушат. Мындай турмуш куруунун жакшы жактары: көз караштардын окшоштугу, экөөнүн жалпы тели-теңтуш күтүүсү, жашоодогу алган тажрыйбаларынын бирдейлиги. Демек, экөөнүн үй-бүлөдөгү ордулары бирдей болот жана бири-бирине атаандашпайт. Муну менен катар кемчиликтер да бар: окшошкон түгөйлөр эрте эле бири-биринен тажай баштоолору ыктымал. Ошол себептен, жаш кезде жаңылыштык кетирип, ойлонбой иш кылып, анын аркасында чоң чыр-чатактар болуп кетиши мүмкүн.

Күйөөсү аялынан улуу болсо: Бул - жаш өзгөчөлүктүн классикалык түрү жана 17-18 жашка чейинки жаш айырмачылыгы барлар кеңири кездешет. Аялынан улуу эркек үй-бүлөдө лидерлигин бербөөгө, бала-чакасын эч нерседен кем кылбай багууга, чыр-чатактарда эмоцияга ашыкча берилбөөгө аракеттенет. Жаман жагы, кандайдыр бир чечим кабыл алууда аялынын ой-пикири менен эсептешпестен баарын өзү чечүүнү каалайт. Кокус эркек аялынан 20, 30, 40... жашка чейин улуу болуп кетсе, анда жашоодогу, мамилелери туура келбей, натыйжада супсак жашоодон тажаган айымдын жашыраак мырзага кетип калуусу күтүлөт. Ал үчүн картаң күйөө жаш жубайына көңүл буруудан тажабашы зарыл.

Аялы күйөөсүнөн улуу болсо: Учурда мындай көрүнүштөр арабызда аз эмес. Алардын арасында бактылуу жашап кеткендери да бар. Бирок, изилдөөлөргө караганда, аялы улуу болгон үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү бактысыз жана туруксуз. Эгерде күйөөсү кичүү болсо, аялы ортодогу мамиленин бузулбай сакталышы үчүн эркекке караганда өзүн көбүрөөк милдеттүүмүн деп эсептейт жана ага болгон аракетин кылат. Жаш күйөөсүнө дайынсыз кыйкырбай, тескерисинче, аны колдогонго, жардам бергенге далалаттанат. Ошол эле учурда, жаш күйөө өзүн экинчи орунда калгандай сезет. Алтургай кээде жубайын экинчи апасындай кабыл алышы да ыктымал. Жыйынтыгында, бул мамиленин бузулуусуна жеткириши мүмкүн.

Жыйынтык

Кыскасы, үй-бүлөдө аял менен эркектин ортосундагы жаш айырмачылык азбы, же көппү, же экөө теңби, кеп анда эмес. Ар биринин өзүнө тиешелүү оң жана терс жактары бар. Идеалдуу үй-бүлө куруунун, кемчиликсиз бакыт табуунун эч кандай жолу жок. Кээде эл суктанган жубайлардын деле ажырашууга аргасыз болгондору, же тескерисинче, алгач бактысыз көрүнгөндөрдүн бара-бара сонун жашап кетип жаткандары эч кимге жаңылык эмес экени талашсыз. Ошондой эле мамиле курууда жаш өзгөчөлүк эч кимге эч кандай тоскоол боло албайт. Таза сүйүү, сый-урмат, туруктуулук, бирин-бири түшүнүү, көтөрүмдүү жана кечиримдүү болуу - бактылуу үй-бүлө куруу үчүн зарыл нерселер мына ушулар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!