Табышмак, жомок, макал-лакаптарды угуп чоңойгон бала жаңы сөздөр менен таанышып, аларды эске сактап, китептин мазмуну менен сүрөттөрү анын аң-сезимин кеңейтип, эске сактоо жана зээндүү болуга түртөт. Эң башкысы, китеп адамдардын дүйнөнү таанып-билүүсүнө маанилүү роль ойнойт. Ошондуктан баланын китеп окууга кызыгуусун наристе кезден баштап ойготуу кажет. Эсиңизде болсун, баланын китепке деген кызыгуусун түстүү сүрөттөр аркылуу ойготууга болот. Дүйнөнүн эшигин жаңы ачкан наристе үчүн китеп бул- түрлүү –түстүү сүрөттөр менен кызык. Анткени баштапкы жылдары ал өзүн курчаган айлана-чөйрө тууралуу негизги маалыматтарды сүрөттөр аркылуу ала алат. Баланын китеп менен болгон алгачкы таанышуусун көз менен кабыл алуу жөндөмүн машыктыруу аркылуу баштаган жакшы. Наристе алгач күндөрдөн баштап көлөмдүү заттар менен сүрөттөрдү кабылдоого аракет кылат. Ал эң алды менен көз токтотуп, кызыгуу менен караган биринчи нерсеси-адамдын келбети же анын кагаз бетине түшүрүлгөн сүрөтү.
Окумуштуулар мындай тажрыйба жасап көргөн: жаңыдан туулган нариселерге адамдын өң келбети тартылган үч сүрөттү көрсөтүлгөн. Сүрөттүн үчөө тең кара боёк менен боёлгон. Биринчи сүрөттө көз мурун, ооз өз орундарындарында тартылса, экинчи сурөттө-мурун ооздун, көз мурундун ордуна дегендей, өз орундарын алмаштырылган, ал эми үчүнчү сүрөттө беттин өйдөкү бөлүгү кара менен боёлуп ташталган. Төрөлгөнүнө төрт күн болгон наристелер бет түзүлүшү туура тартылган сүрөткө көбүрөөк көз токтотушкан.
Бул тажрыйба иш жүзүндө колдонулуп: физиологдор ата-энеси жакын жерде жок кезде алардын биринин сүрөтүн баланын төшөгүнүн үстүнө илип койууну сунушташат.
Ошону менен, көз менен кабылдоо түйшүгүн өнүктүрүү максатында алгачкы курал ирээтинде адамдын бет келбетин ак-кара боёк менен тартылган сүрөттүн колдонгон туура (түрдүү-түстүү сүрөттөрдү бала 3-4 айга карай гана кабылдай ала алгандыктан, аларды пайдаланбаган жөн). Сүрөттү наристенин көзүнөн 25 сантиметр алыстыкта илип коюңуз.