“Google” компаниясы "мегапланшеттерди" сатууда

25-Май 2017, Бейшемби

“Google” компаниясы чоң 55-дюймдук 4К-экрандуу ак доска “Jamboard”ду сатыкка койду. Жаңы түзүм “Nvidia Jetson TX1” процессорлоруна ээ жана жеке “iOS-Android” колдонмосу, ошондой эле калем жана жаңсоолор менен иштейт. АКШдан аны 4999 долларга тапшырык берсе болот.

“Jamboard” былтыркы жылдын октябрь айында сунуш кылынган. Түзүм "мегапланшет" катары бизнес колдонучулары үчүн алгач өз идеяларын талкуулоого, презентация жана жыйналыш өткөрүүгө арналган. Чоң доскада тартылган сүрөттөр жана белгилер “Google дисктеринде" автоматтык түрдө сакталат да башка да түзүмдөрдөн көрүүгө мүмкүнчүлүк ачылат.

Мындан сырткары “Jamboard” реалдуу убакытта бирдикте иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Такта “Hangouts” аркылуу видео-конференцияларды өткөрүүгө, алыстагы кызматкерлер "Android" жана "iOS" аркылуу талкууларга да катыша алышат.

"Jamboard" веб-камера, динамика, "HDMI" жана "USB"-портор, үндү чоңойтуп жана кичирейткен клавиатура, калем жана өчүргүч менен жабдылган. Досканын экраны бир убакта 16 жолуу басууну чыгарып жана 1 миллиметр сызыкты да тарта алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!