Шопоков согуш учурунда кимдерге эмне деп кат жазган?

8-Май 2018, Шейшемби, 11:52

Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимийкитепканасы Улуу Жеңиш күнүн утурлай, Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги үй-бүлөсүнө жана айылдаштарына жазган 2 катын калыбына келтирди. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда жогоруда аталган академиясынын маалымат кызматы кабарлады.

Алардын эскилиги жетип, тамгалары жакшы көрүнбөй калган. Латын тамгасы менен жазылган каттардын согуш башталганда жана согуш учурунда жазылгандыгы толук реставрациядан өткөн соң ырасталган.

БИКтин директору Ширин Ибраимова каттарды калыбына келтирүү абдан эле кыйынчылык туудурганын белгилеп: “Каттарды реставрациялап берүү өтүнүчү менен бизге Д.Шопоковдун мемориалдык музейинин жетекчиси кайрылган. Ал кишинин кыргыз элинин баатыр уулуна жана өз элине жасаган патриоттук мамилесин урматтап, илимий китепкананын реставрациялоо боюнча лабораториясында өтүнүчүн орундатып бергенге аракеттендик. Алды менен каттардын оригиналдарынын көчүрмөлөрүн жаап алып, мазмунун чечмелөө үчүн ошол көчүрмөлөр менен иштедик. Ал эми ошол оригинал каттардын азыркы абалын мындан ары да көп убакытка сактоо максатында, бизде ойлоп табылган “Джибгин” препараты менен иштеп чыктык. Каттардын калыбына келтирилгендери да дагы көп жылдарга чейин сакталат”, - деди.

Айта кетсек, Дүйшөнкул Шопоков 1915-жылы Чүй облусунун Шалта айылында туулган.

Каргашалуу согуш башталып,1941-жылы август айынын аягында Дүйшөнкул Шопоков 316-аткычтар дивизиясынын жоокери болуп катталган. Волокаламск шоссеси тарабында душмандын борборго кире беришин коргоп, Москванын алдында 28 панфиловчулардын катарында салгылашкан. 1941-жылы 16-ноябрдагы салгылашууда Дубосеково разъездинде душмандын 50 танкасынын чабуулун токтотуу учурунда эрдик көргөзүп, каза болгон. Көрсөткөн каармандыгы, эрдиги,баатырдыгы үчүн Дүйшөнкул Шопоков өлгөндөн кийин 1942-жылы 21-июлда Советтер Союзунун Баатырынын наамына татыктуу берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!