Чоң Чүй каналынан эркек кишинин сөөгү табылды

7-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Чоң Чүй каналында белгисиз 40-45 чамасындагы эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 6-август күнү эртең менен Чүй районунун Дөң-Алыш айылындагы Чоң Чүй каналында белгисиз эркек адамдын сууга агып бара жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Издөө иштерине куткаруучулар чыгышып, саат 08:15те жашы адамдын сөөгүн табышкан. Табылган сөөк ошол эле күнү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!