Өкмөт өкүлү үйүн биринчи бүтүргөн жаранга сыйлык берди

29-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:10

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Чоң-Алай районундагы Карамык айылында жер титирөөдөн кийин урап калган үйүн биринчилерден тикелеген тургунга белек тапшырды.

Өкмөт өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов билдиргендей, буга чейин жергиликтүү тургундарга биринчилерден толук турак-жайын бүтүргөн жаранга сыйлык бере турганын убадалаган.

Райондук комиссия аныктап берген үй ээсине белектерин берип, аз камсыз болгон кожолуктарга азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлдү.

Өкмөт өкүлү кышка карата калкты көмүр менен камсыз кылуу маселеси менен да таанышты. Көмүрдү бөлүштүрүп алып жаткан жергиликтүү тургундар менен пикир алышып, жергиликтүү бийликке элди арзан жана сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу тапшырмасын берди.

Мындан сырткары, жер титирөөдөн соң курулушу башталган аймактык эки оорукананын жана мектептин курулуш иштери жана сапаты менен таанышты. Анда куруучуларга имараттарды сапаттуу жана талапка ылайык курууну дайындады. Кабыл алууда каттуу көзөмөл болорун эскертип, ыкчам бүткөрүү талабын койду.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 3-майында удаа-удаа жер титирөө болуп, күчү алты баллга чейин жеткен.

Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен жалпы 1025 турак жай текшерилген. Анын ичинен 187 турак үй капиталдык ремонтко муктаж, 632 турак жай авариялык абалга келип, 10 үй кыйроого учурагандыгы аныкталган.

Фото: Жумамидин Сулайманкулов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!