Мыйзамсыз орнотулган объекттер алынды

8-Авг. 2017, Шейшемби

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы ордо калаадагы мыйзамсыз орноткулган объекттерди алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыш менен курулган жалпы аянты 40 чарчы метрди түзгөн тосмо сүрдүрүлдү. Ал жеке менчик болгондуктан кызы сызыктуу тилкеге курулуп калган.

Мындан тышкары өз ыктыяры менен Фрунзе №163 дарегиндеги тосмо, Дордой конушунда дагы мыйзамсыз орун алган объект алынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!