Ош-Бишкек жолундагы кырсыктан 3 адам каза болду

8-Авг. 2017, Шейшемби

Ош-Бишкек унаа жолунун 487-чакырымында жол кырсыктан 3 адам каза болуп, үч адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 8-августка караган түнү Ноокен районунун Достук айылында болгон. Анда «Хонда Стэпвагон» үлгүсүндөгү унаа менен «МАН» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышып, 7 орундуу унаадан 3 адам каза тапкан. Жеңил унаадагы жүргүнчүлөр Лейлек районунун тургундары болгон. Каза болгон 3 адамдын сөөгү Кочкор-Ата шаардык ооруканасындагы өлүк сактоочу жайга, ал эми жабыркагандар ооруканага жеткирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!