Ысык-Көлдө эки жол кырсыгы катталды

8-Авг. 2017, Шейшемби

Ысык-Көл облусунда бир сутканын ичинде 2 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 7-август күнү саат 17:05 чамасында Тоң районунун Каджи-Сай айылынын Аалам-Ордо жер тилкесинде катталган. Анда Каракол-Балыкчы унаа жолунун 114-чакырымындагы 34 жаштагы аял кишинин башкаруусундагы “Одиссей” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кеткен. Кырсыктан айдоочу менен анын 5 жаштагы баласы эч кандай жаракат алышкан эмес.

Окуя болгон жерде ӨКМнын куткаруучулары унаанын эшигин ачып, медициналык тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Андан сырткары ушул эле күнү саат 23:48 чамасында Тоң районунда Каракол-Эңилчек унаа жолунун 52-чакырымындагы Кара-Коо–Бар-Булак айылдарынын ортосунда “Тойота-Ипсум” үлгүсүндөгү унаа менен Мазда-Премус үлгүсүндөгү унаасы кагылышкан. Эки унадагы 8 жүргүнчү эч кандай жаракат алган эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!