​Ак илбирс боюнча көргөзмө ачылды

16-Авг. 2017, Шаршемби

24-25-августта Кыргызстанда ак илбирсти сактоо боюнча экинчи Эл аралык форум өтөт. Фурумдун башкы максаты - жок болуп бара жаткан ак илбирсти жана ал байырлаган экосистеманы коргоого жергиликтүү жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу. Иш-чаранын алкагында учурда Бишкектин "Ала-тоо" аянтында сүрөт көргөзмө ачылды.

Сүрөт көргөзмөдө жоголуп бара жаткан жаныбарларды коргоо боюнча биздин өлкөдө өткөрүлгөн түрдүү долбоорлорду чагылдырылат. Ал жерде Сары-Чат жана Шамшы коруктарында коюлган фотокапкандардын жардамы менен жасалган илибирсттердин сүрөттөрү коюлган.

Учурда жер жүзүндө 7 миңдей гана ак илбирс калган. Анын ичинен 200дүн тегерегиндеги ак илбирс Кыргызстанды байырлайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!