2015-жылы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирип жатканда Кыргызстан үчүн 180 миллион калкы бар чоң рынокко жана инвестицияларга жол ачылып, кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлөрү айтылган. Бирок ошону менен бирге эле аталган мүмкүнчүлүктөргө түз эле болуп кетпестиги эскертилип. Ал үчүн өлкөдө биртоп иштер жазалыш керектиги белгиленген.
2015-жылы август айында биримдиктин аймагындагы товарларды техникалык жөнгө салуунун тартибине өтүү үчүн Кыргызстан үчүн эки жылдык өткөөл абал киргизилген болчу. Учурда Кыргызстандын биримдиктеги өткөөл мезгил соңуна чыкты. Өлкөдө ЕАЭБдин эрежелери эми толук иштей баштайт.
Кыргызстандын биримдиктин алкагындагы эки жылда өлкө экономикасында алга жылуулар болуп жатканы айтылууда.
Евразиалык өкмөттөр аралык кеңештин жыйында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун билдиргенине караганда Кыргызстан биримдиктин жаңы шартында өлкө экономикасын адаптациялоо учурунда экономиканын төмөндөп кетүү тобокелдигинен өтө алды.
“Бүгүнкү күндө Кыргызстандын биримдиктин толук кандуу мүчө болгонуна 2 жыл толуп турат. Өлкөнүн бирмдиктеги мезгилинин жыйынтыгын чыгарууда Кыргызстандын экономикасында жагымдуу жылыш бар экенин байкоого болот. 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында экономиканын өсүүсү 6,4 пайызды камтыган”,-дейт өкмөт башчы.
Кыргызстандын ЕАЭБге кириши жакшы жыйынтыктарды берип жатканын Евразия экономикалык биримдиктин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү Татьяна Валовая да баса белгилейт.
“Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстан ички дүң өндүрүмдүн жана өнөр-жай өндүрүшүнүн өсүү темпи боюнча биримдиктеги өлкөлөрдүн ичинде лидерликти сактап турат. Албетте бул факторго өлкөнүн биримдикке кириши таасир этүүдө. 2017-жылы Кыргызстан мурдагыдай эле жогорудагы айтылган көрсөткүчтөрдө өсүүнүн жогорку деңгээлин сактоону улантууда. Ошондой эле биримдиктин ичинде экспорттук жеткирүүлөрдө жакшы позицияны кармап турат. Мүмкүн болгон керектүү чараларды кабыл алып мындан ары да ушул деңгээлди кармап калат деген үмүтүбүз бар”,-дейт Валовая.
Экономикалык көрсөткүчтөр
Расмий маалыматтарга караганда, сүт азыктарын экспорттоо 30 пайызга жогорулады, эмгек мигранттарынын акча которуулары 39 пайызга өстү.
Ошондой эле ЕАЭБдин өлкөлөрү менен болгон соода жүгүртүүсү 12 пайызга жогорулап, 1 млрд. 88 млн. долларды түзгөн.
ЕАЭБдин алкагындагы өлкөлөрдө өз ара соода-сатык жалпысынан кыскаргандыгына карабастан, Кыргызстандын биримдиктин аймагына товар жөнөтүүсү 4,4 пайызга өскөн. Мисалы, Казакстанга баалуу металлдардын рудасын, жашылча жана жемиш, кийим-кечектерди жөнөтүүнүн көбөйүшү менен товар экспорттоо көлөмү 17,4 пайызга жогорулады.
Биримдик өлкөлөрүндө жалпы экспорттук көрсөткүчтөр 17,5 пайызга төмөндөгөн. Ал эми Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөргө товар экспорттоосу 5,2 пайызга өскөн. Ошондой эле ЕАЭБдеги өнөктөштөрдөн айырмаланып, биримдиктен сырткары өлкөлөрдөн товар импорттоонун көлөмү 15,3 пайыз өскөн.
Кыргызстан биримдикке кирүүсүнүн натыйжалары
2016-жылдын аягында Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга темир жол транспорту менен жүктөрдү ташууга унификацияланган тарифтерди колдонуу боюнча Казакстан менен келишимге кол коюлду.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкелеринде фитосанитардык көзөмөл жана кыргыз жүк ташуучуларын Казакстандын аймагы боюнча бажылык коштоо алынды.
Эмгек мигранттарына жеңилдиктерди жаратты.
2016-жылы акча которуулардын көлөмү өстү же 1,547дан $1, 834 млрдга жетти.
Россия тараптан бөлүнгөн 200 млн доллар каражаттын эсебинен 16,42 млн долларга бажы, өткөөл постторун жана лабораторияларды зарыл жабдуулар менен жабдуу ишке ашты.
4 өткөрүү пункту жана 7 ветеринардык-көзөмөл пункттары жабдылды. Булардан тышкары, мамлекеттик бюджеттин эсебинен 8 өткөөл пунктун куруу жана жабдуу боюнча кошумча жумуштар жүргүзүлүүдө.
Кыргызстандын аккредитацияланган 30 лабораториясы жана сертификаттоо боюнча 9 органы ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилди.
Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фонду түзүлдү.
Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 100 млн доллар суммасында Казакстан тараптан техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Евразиялык экономикалык биримдиктин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюлду.
ЕАЭБ менен интеграциялашууда фискалдык саясат либералдаштырылды
Учурда ветеринардык көзөмөлдөн өткөн айыл чарба продукцияларын Россия менен Казакстанга жөнөтүүгө уруксат берилген. Евразиялык экономикалык бирликтин реестрине кыргызстандык 28 компания киргизилди.
Киргизилген техникалык регламенттер
12-августтан баштап ЕАЭБдин техникалык регламенттери б.а. эрежелер, стандарттары Кыргызстан үчүн күчүнө кирди. Өкмөттүн билдиргенине караганда өлкө, ишкерлер менен фермерлер жаңы шарттарга даяр.
Евразия экономикалык биримдигинин 18 техникалык регламенти бир нече баскыч аркылуу ишке кирет. Алардын ичинен негизги бөлүгү 12-августтан тарта иштей баштайт. Бул негизинен азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу болмокчу. Техникалык регламенттин экөө биздин тармакка түздөн-түз тиешелүү: биринчиси - эт жана эт азыктары, экинчиси - сүт жана сүт азыктары жөнүндө техрегламенттер. Бул эт же сүт кандай өндүрүлүшү керек, кандай сакталышы керек, кандай ташып жеткирилиши керек деген сыяктуу талаптар жана стандарттар.
Вице-премьер-министр Олег Панкратовдун билдиргени боюнча, жаңы эрежелер киргени менен чоң өзгөрүүлөр болбойт.
“Техникалык регламенттер азык-түлүктү жана товарды ички рынокко сатуу үчүн чыгарган ишкерлерге багытталат. Мындан биздин ишкерлер менен фермерлер чочулабай эле коюшса болот. Анткени бул жерде деле байкаларлык өзгөрүү болбойт. Кыргызстандын өзүндө коопсуздукту талап кылган улуттук техрегламенттер бар. Алар ЕАЭБ техникалык регламенттерине окшош эле. Ошондуктан жаңы техрегламенттердин ишке кирүүсү менен шарттар катаалдап, талаптар өзгөрөт деп күтүүгө болбойт”,-дейт Панкратов.