Кытайда адамдын денеси алгачкы жолу тоңдурулду

18-Авг. 2017, Жума

Шаньдунь провинциясынын Цзинань шаарында гипотермикалык медицина боюнча дүйнөгө таанымал Аарон Дрейк адамдын денесин тоңдуруу процедурасын кылганын билдирди. Мындай арыз менен 49 жаштагы Чжань Вэньлянь аттуу өпкө рагы менен жабыркаган аял кайрылган. Бул боюнча “Жэньминь жибао” гезити жазды.

Чжань Вэньляндын жолдошу Гуй Цзюньминь качандыр бир убакта аялы кайрадан жашоого келеринен үмүттөнөрүн айтты. Ошондой эле өзү да “Жашоону өзгөртүү планынын” тизмесине жазылып, денени тоңдуруу процедурасына катышкысы келерин кошумчалады.

Адамдын денесин тоңдуруу жана сактоо процедурасы Шаньдундагы Жашоо илимин изилдөө институту жана Шаньдунь университетинин алдындагы “Цилу” ооруканасы менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Кытай Илимдер академиясынын Физика жана химия техникалык институтунун илимий кызматкери, Пекиндеги төмөнкү температурадагы биомедициналык инженерия лабораториясынын жетекчиси Лю Цзин “ThePaper.cn” интернет-порталына маек берген. Анда ал адамдын денесин тоңдуруу жана сактоо гипотермикалык медицинада акыркы ачылыш экенин айткан. Анын айтымында адамдарды мындай ыкмалар эксперименталдык түрдөгү гана коммерциялык операция же процедура болуп саналат. Анда медицина кызматкерлери тирилтүүгө эмес тоңдурууга гана жоопкерчилик алышат. Ошондой эле бул окумуштуу адамдын денесин тоңдуруу учурда өлгөн адамдын денесин көпкө сактоого көбүрөөк окшош экенин кошумчалаган.

Ал эми Кытайдын Илимдер академиясынын мүчөсү Чжу Цзоянь учурда клеткаларды жана эрте стадиядагы эмбриондорду гана ийгиликтүү тоңдурууга болорун айтты. Бирок окумуштуу балык жана башка лабораторилык жаныбарларды тоңдуруу ийгиликтүү аяктаганы бир да жолу укпагандыгын белгилеген.

Оптимистик божомолдорго караганда илим менен техника өнүгүп жаткан заманда жашоону жандандырууга, узартууга мүмкүн болчудай көрүнөт. Бирок бул үчүн колоссалдуу илимий-техникалык иштер жана изилдөөлөр зарыл.

Эгерде адамзат жан киргизүү ыкмасын тапса анда тарыхтагы эң ири ачылыш болору анык. Аны негизинде өмүрдү узартуу, планеталар аралык саякатты багындырууга болот. Ошондой эле бул жетишкендиктер жаштыкты түбөлүк сактоого, оору менен күрөшүүгө колдонулмак.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!