Өнөр жай продукциясынын көлөмү артууда

17-Авг. 2017, Бейшемби

Быйылкы жылдын жети айынын жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү артып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 114,2 пайызды түздү. Бул тууралуу шаар мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Анын айтымында, өткөн 2016-жылдын жети айында шаарда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмү 1 миллиард 504,1 миллион сомду түзсө, быйылкы жылдын жети айында 1 миллиард 718,3 миллион сомго жеткен. Демек, 214,2 миллион сомго көптүк кылат.

“Шаардагы өнөр жай ишканалары азыр негизинен өндүрүлгөн продукцияны сатып өткөрүү жагынан аракеттерди көрүп жатышат. Бул жагынан алар жаңы өнөктөштөр менен иштешип, жаңы рынокторду өздөштүрүү менен алек. Ошондой эле быйылкы жылы шаарда эки жаңы өндүрүштүк ишканалар ачылып, продукция берүүдө” - дейт ал.

Эскерте кетсек, шаарда өндүрүштүн башка багыттары боюнча алга жылуулар байкалат. Мисалы, шаардагы акылуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө быйылкы жылы 1 миллиард 650,1 миллион сомдук иштер аткарылып, бул өткөн жылга караганда 196,3 миллио сомго көптүк кылат, же болбосо өсүү темпи 113,5 пайызды түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!