Ен Сен университети менен кызматташабыз

17-Авг. 2017, Бейшемби

Кечээ, 16-августа К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университети менен Түштүк Кореянын Ен Сен университети эки тараптуу кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду. Бул тууралуу Zaman.kg маалымат агенттигине окуу жайдан маалымат кызматы билдирди.

Келишимдин негизги максаты, тажрыйба алмашуу жана өлкө Эркин экономикалык биримдигине киргенине байланыштуу талапка ылайык адистерди даярдоо.

Окуу жайда атайын "Молекулярдык биология" лабораториясы ачылуу алдында турат. Ал лабораторияда жаныбарлардын ДНКасы аркылуу чыныгы кайсы генетикалык жандык экенин аныктайт. Башкача айтканда гомогендуу тамак - аш биздин өлкөгө келип жатканын аныктоочу лаборатория.

Буга чейин профессор, ветеринардык дарыгер Кан Чин Сок эки жолу окуу жайга келип кеткен. Алгачкы жолу келгенде таанышып, кийинки келишинде тиешелүү жабдыктарды алып, меморандумга кол коюуга келген. Аны менен бирге Түштүк Кореядагы окуу жайдын мугалимдери, проректор, профессорлору дагы бирге келишти.

Алар эки апта бою кыргызстандык адистерди акысыз окутуп, жабдыктарды колдонуунун ыкмаларын үйрөтүшмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!