Эки граната менен колго түштү

24-Авг. 2017, Бейшемби

Ош облусунунда бир адам жанына 2 граната алып жүргөн жеринен колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-август күнү милиция кызматкерлери тарабынан атайын жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө аталган облустун Нариман айылында Өзгөн районунун 34 жаштагы А.У аттуу жараны кармалган. Анын колунда 2 аскердик граната болгон (1 даана РГД-5 жана 1 даана Ф-1).

Кийинчерээк кармалган жаран кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турары маалым болгон.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө амалдары жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!