Ош облусунун жетекчиси чек ара бекетин текшерди

25-Авг. 2017, Жума

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев чек ара бекетиндеги өткөрүү жайын текшерди.

Өкмөт өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов билдиргендей, буга чейин «Достук-унаа жол» көзөмөл өткөрүү жайындагы мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары боюнча Өзгөн, Араван, Ноокат райондорундагы элдик жыйындарда жергиликтүү тургундар Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашовго айтып даттанышкан.

Көпчүлүк эл аталган өткөрмө пункту аркылуу Өзбекстан тараптагы туугандарына ал эми Өзбекстандан Кыргызстанга өтүшөт.

Облус башчысы кезметте турган чек ара, бажы, транспорт жана ветеринардык кызмат өкүлдөрү менен жолукту. Аларга эл арасындагы нааразычылык тууралуу айтып, “Эки эл ортосундагы мамиле жакшы нукка бурулуп жаткан учурда баарыңар таза жана ак кызмат кылып, жарандарга сылык мамиледе болуп мыйзам чегинен чыкпай иш алып баргыла. Эгерде эл арасында дагы деле силерге карата ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп фактылар аныкталса, эч кимге аео болбойт”- деп эскертти.

Андан соң эки тарапка өтүп жаткан жарандар менен пикир алышып аларга карата мамиле жана тейлөө сапаты тууралуу ойлорун укту.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!