Ош шаарында кызы энесин бычактап салды

25-Авг. 2017, Жума

Ош шаарында жашаган 61 жаштагы аялды жалгыз кызы бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 23-август күнү саат 19:30 чамасында аталган шаардын Төлөнов көчөсүндө болгон. Анда спирт ичимдигин ичип отурушкан апасы менен кызынын ортосунда чыр чыгып, кызы кызы дарбыз кесип жеп отурган бычагы менен апасынын сол капталына сайып жиберген. Жаракат алган аял жардам сурап кѳчѳгѳ жүгүрүп чыгып, жол боюна жыгылган. Аны кѳргѳн коңшулары милиция менен тез жардам кызматын чакырышкан.

“1956-жылы туулган К.Любовь аттуу аял алган жаракатынан улам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бѳлүмүндѳ көз жумган. Ал эми кылмышка шектүү катары маркумдун 1978-жылы туулган Н.К. аттуу кызы кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кылмышкердин айтымында, апасы аны “ийгиликсиз, акылы жок, бактысыз кызсың, эч кимге керегиң жок”,-деп кемсинткенинен дарбыз жеп жаткан бычак менен ич тарапка сайып жиберген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!