Жылуулук берүүдөгү коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

20-Окт. 2017, Жума, 16:58

Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттигинин Араван, Ноокат райондору боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан, аталган райондордо жайгашкан бардык мамлекеттик, социалдык ишканалардын техникалык жактан камсыздоочу адистерине коопсуздук боюнча атайын семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Экотехинспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарада Инспекторлор тарабынан электр менен жылытуу, көмүр менен жылуулук берүүдөгү коопсуздук маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган семинарга мекемелердин техникалык коопсуздугун камсыздаган 150дөн ашуун кызматкер катышты. Жеринде адистердин өрттү алдын-алуу, өнөр-жай коопсуздугу жана эмгекти коргоо боюнча билимин тереңдетүү боюнча окуулар инспекторлор тарабынан өткөрүлдү.

Ошондой эле, ишканалардын техникалык камсыздоо бөлүмдөрүнө жаңыдан кабыл алынган электр тармагын тейлеген адистерге, мектептердин, бала-бакчалардын жана бейтаптардын бөлүм башчыларына кыш мезгилинде тийиштүү жылуулук берүүчү каражаттарды колдонууга уруксаат берген атайын күбөлүктөр тапшырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!