Саляновдун өлүмү: ак түстөгү унаа изделүүдө

6-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 12:19

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр изделүүдө.

Ички иштер министрлиги тараткан билдирүүгө ылайык, учурда Бишкек шаары жана Чүй обусунда кылмышкерлерди издеп операциясы жарыяланып, ак түстөгү минивен унаасы изделүүдө.

Маркумдун бир тууган эжеси депутат болгонго чейин өлкөнүн башкы прокурору болуп иштеген. Анын учурунда бир нече таасирдүү саясатчы, чиновниктерге кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген негизде кылмыш иши козголгон.

Өткөн айда Аида Салянова Адилет министри болуп турган учурда издөөдө жүргөн Елисеевдин жактоочулук лицензиясын узартып бегрен деген негизде күнөөлүү деп табылып, сот беш жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Бирок депутаттын кичинекей кызы болгондуктан, наристеси 14 жашка толгондон кийин соттолору айтылган.

Укук коргоо органдары депутаттын инисинин өлүмү саясий себеп менен байланышы жок деген билдирүүнү жарыялады.

Кандуу окуя 6-ноябрга караган түнү, саат 01:30дар чамасында Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунда болгон. 42 жаштагы Улан Саляновдун артында жубайы жана эки кичине баласы калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!