2012-жылы коомчулуктун көмөгү менен казинонун иштешине тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Бирок бул азгырык оюндун айынан тагдыры талкаланган жарандардын жакындары кумарканалар көмүскө да, көрүнөө да иштеп жатканын айтып чыгышты. Алар казинолордун ишмердүулүгүн ооздуктоого эч кимдин күчү жетпей жатканын айтып, коомчулуктан колдоо күтүүдө.
Казино курмандыктары
Ош шаарынын 60 жаштагы тургуну Айниса Жээнбекова (аты-жөнү өзгөртүлдү) алты жылдан бери уулун казинодон биротоло баш тарттыра албай келет.
“Ошол кездеги президент Роза Отунбаев казинолорду жабуу боюнча мыйзамга кол койгондо баарыбыз сүйүнгөнбүз. Тилекке каршы, кагазда бул азгырык мекеме жабылганы менен иш жүзүндө кадимкидей эле иштеп жатат. Жакында эле жолдон өтүп бара жатып жүгүртмө саптан казиного келип ойноого чакырык таштаган жарыяны окуп калдым. Балам бир жылдай ойнобой калды. Жакшы болду деген тилегибизди таш каап ортодон төрт-беш ай өтүп кайра кирип кетти. Кайра бир-эки жыл жакшы жүрүп, кайра ойноп кетти. Бул кетпеген илдетпи дейм. Ал жерде миңдеген элдин баласы ойноп, үй-бүлөсүнө оңбогондой зыян келтирип жатат. Казино ээлери элди тоноп, байлыктын жогорку чегин багындырды. Эми алар эч кимди тоотпой жатат. Биздин үй-бүлө тарткан материалдык зыяндан да моралдык зыян ашып түштү”,-деди Айниса Жээнбекова.
Бул айым сыяктуу бир тууганын, уулун же жолдошун кумарканадан чыгара албай жүздөгөн, балким миңдеген энелер, эжелер казинолордун каалгасын кагып жүрөт.
Рамзан аттуу кумар оюндарына берилип кеткен жаран борбор калаадагы учурда иштеп жаткан бир топ кумарканалардын дарегин атап берди.
10 сомдон башталган миллион
“Учурда Ж.Абдрахманов көчөсүндөгү клуб электрондук казино катары иштейт. Ээси корей улутундагы жаран 2008-жылдан бери иштетип келет. Ал жерде 10 сомдон баштап 45 миң сомго чейин акча коюп ойношот. Көпчүлүк кумарпоздор жашоодогу бардык баалуулуктан баш тартып биротоло кирип кетишет. Мындан сырткары Бишкекте Чүй проспектиси менен Сүйүнбаев көчөлөрүнө жакын жерде эки клуб бар. Бул жерде доллар менен ойношот. Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде да жашыруун иштеген клуб бар”,-деди Рамзан.
Кумарканаларды ким калкалайт?
Казинодон жабыр тарткандарын көпчүлүгү “Сезим” кризистик борборуна үмүт артып кайрылышат. Борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова кумарканалардын тыйылбай жатышын коомдун талылуу социалдык илдети деп сыпаттап, мунун айынан канчалаган үй-бүлө ыдырап, канчалаган тагдырлар талкаланганын белгиледи.
“2012-жылы жабыркаган жарандар, журналисттердин жардамы, коомчулуктун колдоосу менен казинолор жабылды эле. Ошондо дагы биздин уюмга коркутуулар болгон. Казино ээлери кеңсебизге демитип келип, жумушсуз калдык деп догурунган. Мыйзам кабыл алынганы менен иштебей жатканынын бир далили – казино иштеткендер ойногон адамдарга күтүп тургула, баары бир иштейбиз дешкен экен. Айткандай эле көмүскө иштеп жатышат. Казинодо иштеген кыздарга, күзөттө тургандарга ый менен келген акча адал эмес. Бизге акча эле керек болуп калдыбы, кумардан башка жумуш болбой калдыбы деп айттык. Орган адамдары “каралар” менен байланыша албайбыз деп кол куушурду”,-деди.
Аракет болгону менен жыйынтык жок
“Сезим” кризистик борборунан сырткары бул көрүнүш менен күрөшүүгө жарандык активисттер да кол кабыш кылууда.
Активист Баястан Келишбеков кумар оюндарын жабуу боюнча жаштар да аракет кылып жатканын, бирок натыйжа жетишсиз болуп жатканын белгиледи.
“Эки күн мурун саат бирден 50 мүнөт өтүп калганда Ж.Абдрахманов 146 дарегиндеги “Астра 37” клубу Биринчи май райондук милициянын кызматкерлери тарабынан ал жер жабылып, мөөр басылган болчу. Бирок кечээ ачык эле иштеп жатканына күбө болдук. Жабылгандан кийин төрт-беш саат өтпөй кайра иштеп жатат. Буларды ким калкалап жатканын деле так айта албайбыз. Кумар оюндарынан утуп чыккан жаранды көрө элекпиз. Ал жерден уттуруп койгондор ар кадамдарга барууда. Тоноочулукка, өмүрүнө кол салганга чейин барууда”,-деди активист Баястан Келишбеков.
Тыюу салуу көмүскө иштөөгө жол ачат
Эксперттердин баамында кумарканаларды мыйзам жолу тыюу жакшы натыйжа бербейт. Бул чындыкка бүгүнкү көрүнөө жана көмүскө иштеп жаткан клубдар айкын күбө.
Талдоочу Искендер Шаршеев бул көйгөйдөн чыгууга кумарканаларды биротоло жабуу аракети жыйынтык бербейт деген пикирди айтат.
“Коом мүчөлөрүнүн 35 пайыздан 3 пайызга чейини компьютердик оюн, лотерея, букмекер, айтор оюн-зоокко азгырылып кетет. Бул азгырык оюндардын баарын жаап койгон күндө да кумарпоздор чогулуп алып үй-үйдө карта ойноого өтүшөт. Бул жерде көйгөй – кумарканаларды тыюуга эч кимдин күчү жетпегендигинде эмес, ошого берилген адамдардын бар экенинде. Аны жөнгө салуу үчүн Казакстан, Россиядагыдай жабык территория кылуу керек. Ал жер атайын оюн-зоок зонасы болуп, мамлекеттик көзөмөл катуу болот. Жарандар туура эмес багытка кетип баратса, ага психологиялык жардам берүүчү борбор иштейт. Түп-тамыры менен жоебуз дегенибиз менен, кайра эле үйлөрүнө барып топтолуп ойной беришет. Ал жерде эч кандай көзөмөл болбогондуктан, анык криминал болот”,-деди талдоочу Шаршеев.
Кыргызстанда кумар оюндары көп жылдан бери баш оору болуп келе жатат. Расмий түрдө мыйзам аркылуу иштешине тыюу салынганы менен биротоло жабылып кеткен жок. Мурдагы премьер-министр Темир Сариев казинолордон түшчү каражат бюджетти толтуруп турганын айтып, кумарканаларды кайра ачуу тууралуу сунушун көтөргөн жайы бар. Азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков азгырык жайларынын ачылышына каршы пикирин билдирип келет.
Расмий маалыматтар боюнча мыйзам кабыл алынгандан бир жылдан соң жашыруун иштеген 40 чамалуу казино, кумаркана кармалган.