Кеминге лыжа базасы курулат

9-Авг. 2017, Шаршемби

Чүй облусунун Чоң-Кемин аймагына тоо лыжа базасын куруу пландалууда. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев маалымат жыйынында билдирди.

“Чоң-Кеминдин тоолоруна курула турган лыжа базасы Бишкек шаарынан 90-100 чакырым аралыкта жайгашат. Лыжа базанын жолунун узундугу Караколдогу лыжа базасына салыштырмалуу узун болот. Базанын жайгашкан орду эс алуучулар үчүн абдан ыңгайлуу болмокчу. Аталган долбоорго1,6 млн. долларлык инвестиция салынат. Ал каражат тоо лыжа базасына жабдууларды алып келүүгө жумшалат. Бул базага жабдуулар австриядан алып келүүгө келишим түзүлгөн”,-дейт Иманалиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!