Абакиров: "Элдин каржы сабаттуулугу төмөн"

9-Авг. 2017, Шаршемби

Жарандардын каржылык сабаттуулугунун деңгээли төмөн болуп жатышы өлкөдө ишкерликтин өсүшүнө терс таасирин тийгизип жатат. Бул тууралуу “Кепилдик фондунун” жетекчиси Малик-Айдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банктын статистикасы боюнча өлкө калкынын 24 пайызынын гана каржылык сабаты жоюлган.

“Көп учурда ишкерлер насыя алууда баш тартууга дуушар болушат. Буга себеп каржылык сабаттуулуктун төмөндүгүнөн болуп жатат. Долбоордук билдирүүлөрдү туура эмес толтуруп жатышат. Кыргыз орус өнүктүрүү фонду да мындай көрүнүштөр бар экендигин бир нече ирет белгилеген. Ал эмес аталган фонд тандап алган ишкерлик пландарыда кыйынчылыкты жартып жатат. Ошого байланыштуу кепилдик фонду өлкө аймактарында кеңеш берүүчү мекемелерди түзүп жатат”,-дейт Абакиров.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!