“Microsoft” менен“Google"ду багындырган кыргыз

11-Авг. 2017, Жума

Дүйнө боюнча таанымал “Microsoft” жана“Google” компаниясын багындырган 29 жаштагы Эмилбек Жолдошев аттуу кыргызстандык жигит жакшы жашаш үчүн эмнелерге көңүл буруу керектиги жана келечектеги кыялдары боюнча “Zaman.kg” маалымат агенттигине пикирин бөлүштү.

Каарманыбыз учурда үй бүлөсү менен Вашингтон штатынын Сиэтл шаарында жашайт. Жубайы Гүлзат Жибек аттуу кызын тарбиялоо менен алек. Ал эми өзү “Google” компаниясында инженер программист болуп эмгектенүүдө.

Анын айтымына караганда, Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы “Семетей” атындагы кыргыз-түрк лицейинде окуп жүргөндө эле анын компьютерге болгон өзгөчө кызыгуусу пайда болгон эле. Окуу жайды аяктаган соң, жогорку билим алуу үчүн окуусун компьютердик инженерия боюнча Туркияда уланткан. Ошондой эле бул мамлекетте иштөө менен алгачкы ишин баштаган.

“Түркияда иштеп жүрүп, “Microsoft” компаниясына резюме жөнөтүп, ишке кабыл алындым. Ошентип алдыма койгон максаттарым акырындык менен орундалып, Америкага келгем. Бул жактан аталган компанияда иштеп жүрүп, адам бир жерде тура берсе өзүн өнүктүрө албайт деп, тажрыйба топтоо, жаңы технологияларды жана башка компаниялардын иш маданиятын үйрөнүү мактасында “Microsoft” компаниясында 3 жыл иштегенден кийин “Google” компаниясына жумуш котордум. Учурда “Google” компаниясында инженер программист болуп эмгектенип жатам. Бул жакта иштөө оңой эмес. Негизи эле ар бир жумуш оңой эмес да. Менин ишимде да кыйынчылыктар болбой койбойт. Бизде күнүнө белгилүү бир саат иштөө керек деген нерсе жок. Берилген планды бүтүрүшүң керек. Кээде эрте эле бүтсө, кээде өтө көп иштөөгө туура келет. Ал гана эмес жумуштан келип да, эс алуу күндөрү да иштеген учурлар болот. Бирок, Американын дүйнөгө таанымал чоң компанияларында иштеп калганым үчүн өзүмдү ийгиликтүү адаммын деп эсептейм. Албетте менин ийгиликке жетүүмө ата-энемдин салымы чоң. Аткени, алар жакшы билим алуума өтө чоң маани берип, көп эмгегин жумшады”,- дейт Жолдошев.

“Ар бир адам жакшы жашап, үй-бүлөсүн жетиштүү камсыз кылуу үчүн аракет кылуу керек. Ошондуктан биз деле ушул максат менен өлкөбүздөн, элибизден узакта жашап, иштеп жүрөбүз. Жакшы жашоо үчүн адам жалкоо болбошу керек. Ар дайым жаңы нерселерди издеп, өзүн-өзү өнүктүрүп туруусу зарыл. Дагы бир эң маанилүү нерсе жоопкерчиликтүү болуш керек. Өзүңдүн жеке бизнесиң болобу же башка бир компанияда иштейсиңби? Ишинди так аткарсаң ийгиликке жетишесиң. Ар кандай сыноо, кыйынчылыктар болот. Негизгиси артка кайтпай, алга гана умтулуу шарт. Ал эми учурда мен жашап жаткан Вашингтон штатынын Сиэтл шаарында адамдар жакшы жашаш үчүн алгач убакытты бардык нерсеге туура бөлүштүрүп, аны үнөмдүү колдонушат. Мисалы, жума ичи бир гана ишине көңүл буруп, катуу иштешет. Ал эми дем алыш күндөрүн өзгөчө, кызыктуу өткөргөнгө аракет кылышат. Элдер өзүнүн ден-соолуктарын абдан жакшы көңүл бурушат. Ал үчүн туура тамактанып, спорт менен машыгып, сергек жашоого аракет кылышат. Жакшы жашоо үчүн мамлекет тарабынан да көптөгөн шарттар түзүлгөн”,- деди ал.

“Ошондой эле Кыргызстандын бардык атуулдары жакшы шарттарда билим алып, күчтүү кадр болуп чыгышы өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан мен алган билимимди, топтогон тажрыйбаларымды өлкөбүздүн IT тармагынын өнүгүүсүнө жана жаш муундардын мыкты адис болуп чыгуусуна жумшагым келет”,- деп кошумчалды Жолдошев.

Каарманыбыз Эмилбек Жолдошев жөнүндө айта кетсек, ал 1988-жылы Лейлек районунун Катран айылында мугалимдин үй бүлөсүндө туулган. Жети бир туугандын бешинчиси. Үй- бүлөлүү, бир кыздын атасы.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!