Жаз келгенде карапада өстүрүлчү өсүмдүктөрдүн көбү жакшыраак өсө баштайт. Ошондуктан аларды көбүрөөк сугарып, толук минералдык семиртүү кошо башташ керек (0,1 пайыздык аралашма).
Жаз – бул көп өсүмдүктөрдү көчүрүүгө же отургузууга эң сонун маал. Гүлдөр жабыркап, жакшы өспөй калса же түптөрү чирий баштаса, аларды кумдак топурак салынган кичирээк карапаларга көчүрүш керек. Башында аларды көп сугарбай, жер семирткич салуунун кереги жок. Жылуу, күн тийген жерде турушу керек. Жаш, дени сак көчөттөрдү жыл сайын, жетилген жана чоңдорун – алардын абалын жана өнүгүшүн эске алуу менен 2-3 жылда орун которуштуруп туруу керек.
Гүлдөрдү көчүрүп жатканда түбүндөгү топурактын үстүңкү жана астыңкы бөлүктөрүн, эскирген суу өткөрүүчү карапа сыныктарын, ошондой эле кургап калган тамырларын алып салыш керек. Жандуу тамырларды да бир аз кесип койсо, тамырдын калыптанышына жакшы.
Көчүрүлгөн өсүмдүктөрдүн түбү ныгырылып, сууга каныгышы үчүн мол сугарышат (кактустан башкасын).Жарым сааттан кийин астындагы идишке сарыккан сууну төгүп салуу сунушталат. Андан ары топурагы кургаган сайын аз-аздан сугарып туруш керек. Жер семирткичтин кереги жок.
Кактустар көчүрүлгөндөн кийин 5-7 күн өткөнчө сугарылбайт.
Бутактаган олеандр, роза, фикус, жасмин, традесканцияларды көчүргөндө кыскартып коюшат. Кышында узарып кеткен ак шапак тартып кеткен ичке сабактарды алып салып, калгандарын жарымын же үчтөн бирин кыркып салат. Минтип кыркылган өсүмдүк тыкан болуп, жаш чырпыктары батыраак ирденип, гүлдөгөнү да жакшы болот.
Кесип алынган сабактарды калемче кылганга жарайт. Аларды кайнатылып, муздатылган сууга же жуулган кумга отургузуп койсо тамыр берет. Үстүн пленка же айнек капкак (идиш) менен жаап, күн түз тийбегендей жерге коюш керек. Тамырлары чыкканда өсүмдүктөрдү кичирээк идишке, туура келген топурак аралашмасына отургузуш керек.
Эгерде өсүмдүк гүлдөшүн кааласаңыз, суперфосфаттын 1 граммын бир литр сууга эритип, ошону менен сугарыңыз.
Эгерде өсүмдүктүн жалбырактары барпайып чоң болсун десеңиз, аны азот жана калий туздары (селитра – 1 литр сууга 0,5 грамм же күкүрт-кычкыл аммоний – 1 литр сууга 1 грамм) менен сугарыңыз. 1 кг топуракка 200 грамм аралашма катышында сугарыш керек.
Жеткиликтүү азыктандыруучу зат – тооктун кыгы. 5 грамм кыкты 1 литр сууга аралаштырыш керек. 5-6 күндөн кийин дагы ошончо суу кошуп, ошол суюктук менен сугарабыз.
Дагы бир жер семирткич – кыктын чыласы. Уйдун же жылкынын жаңы тезектерин сууга аралаштырабыз. 10 күндөн кийин (кыжылдап ачыйт)чыпкадан өткөрүп алып, 9 эсе көп суу кошуп, аны менен сугарабыз.
Этти жууган сууңузду да төкпөңүз, андагы канда бөлмөдө өстүрүлүүчү өсүмдүктөр үчүн табылгыс азот семирткичи бар (бирок суу майланышкан болбосун).
Жыгач клейи – фосфаты бар жакшы жер семирткич. Бир-эки грамм желимди бир литр сууга салып, толук эригенче кайнатыңыз. Аны менен сугаргандан кийин 1-2 саат өткөндө жердин бетин копшутуп коюңуз.
Гүлдөрдү бышкан жемиштер салынган идиштин жанына койбоңуз. Жемиштерден бөлүнүп чыккан этилен гүлгө терс таасирин тийгизет.
Сиз үйгө гүл алып келдиңиз дейли. Анын сабынын учун сууга салып туруп (сабынын азык жүрүүчү тамырларына аба кирип кетпегендей кылып), кур бычак менен кыйгачынан кесиңиз. Вазага койордун алдында гүлдөрдү эс алдырып, күч алганга мүмкүнчүлүк берүү керек – ал үчүн мурда алынып коюлуп тындырылган жылымык сууга жок эле дегенде бир саатка толук (башын чыгарып) салып коюңуз. Кургап бара жаткан, ашык жалбырактарынын баарын алып салыңыз. Себеби алар нымдуулуктун көбүн учуруп жиберет. Бул кооз гүлдөгөн бадал өсүмдүктөр үчүн абдан маанилүү. Катуу жыгач саптуу өсүмдүктөрдү сууга саларда сабынын учун 3-5 смге жанчыш керек (кийин гүлдесте түзүп жатканда жанчылган учтарын суунун астынан кесип салсаңыз болот). Жоон бутактардын учтарын кескенде дагы 4 бөлүккө кесип, бутактардын суу астында боло турган жерин учтуу ийне менен сайгылап койсо болот. Мындай тытып койгондо астра, гвоздика, ирис, календула, маргаритка, васильки сыяктуу гүлдөргө жакшы таасир этет.
Сүт чыгарган өсүмдүктөрдү жана хризантема, кызгалдактарды кесип алары менен сабынын кесилген жерин ширеңкенин же шамдын жалынына кактап коюш керек. Анын ордуна кесилген учтарын саптын жоондугуна жараша 30-60 секундга кайнак сууга салса да болот. Бирок мында жалбырактары же гүлдөрү бууга тийбегендей болсун. Аларды кагазга ороп, суунун так үстүнө эмес, кыйгач кармаш керек. Гүлдөрдү мындай даярдагандан кийин дароо суу куюлган вазага коюшат.
Эгерде гүлдөр батыраак ачылсын десеңиз, 1 литр сууга 0,5 чай кашык катышында камфар спиртин кошуңуз.
Көп гүлдөр кант кошулган сууда көбүрөөк турат (гүлү жай ачылып, жай куурайт) – 1 л сууга 0,5-1 чай кашык туура келет. Жаман жери – таттуу сууда бактериялар бат көбөйөт; ошондуктан аны антисептиктер менен иштетиш: бир нече кристалл марганец-кычкыл калий, боркычкылы (1 л сууга 0,1 г), жыгачтын көмүрүнөн бир сындырым салып коюш керек. Бирок ландыш, цикламен, амариллис сыяктуу гүлдөр шекерге чыдабайт.
Сууга кант эле эмес, аспирин, бир аз туз кошсо да (көбүнчө камелия, калл гүлдөрүнүн сабын кесери менен тузду ошол жерине түздөн-түз сыйпашат) азыктандыруучу аралашма болот. Гүл коюлган сууга кошконго атайын "Бутон", "Бутон-2", "Флора" сыяктуу каражаттар чыгарылат.
Эгер гүлдөр бир аз бырыша түшсө (гүлдөп бүтө элек болсо, жөн гана “чарчап” калса), аларга жардам бериңиз. Сабактарын суунун астынан кайра кесип, гүлдөрдүн баштарын жана жалбырактарга суу чачып, жылымык сууга башын эле чыгарып коюп коюңуз. Гүлдөрдү түнкүсүн “эс алдырган” жакшы, өзгөчө розалар буга муктаж. Аларды түн киргенде вазадан алып, жылымык сууга терең салыңыз. Эртең менен аларды вазага койордо кайрадан учтарын суу астынан кесип коюңуз.
Кесилген гүлдөрдүн узагыраак жашашы үчүн алар кесилген убак да абдан маанилүү – гүлү ачыла электеби, жарым-жартылай ачылгандабы же толук ачылгандабы. Гүлдөрдү эртең менен же кечинде кесиш керек.