Бүгүн, 3-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн жаңы президенти боло турган Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту.
Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо шайлоочулардын 54, 22 пайыз добушу менен жеңишке жетишкен. 24-ноябрда ант берүү аземи болору болжонууда.