​Нурмагомедовго Роналду "Ассалам Алейкум" деди (видео)

​Нурмагомедовго Роналду
12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 15:02

«Реа́л Мадри́д» клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналду көптөн бери кумир тутуп келген орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен жолукту. Эки атактуу спортчулардын жолугушуусу Instagram аркылуу таркады. Анда мушкер Хабиб Нурмагомедов менен Криштиану Роналду жолугушуп, атактуу футболчу "Ассалам Алейкум" деп учурушканы тартылган. Жолугушууда Нурмагомедов футболчуга улуттук папах баш кийимин белекке берди, ал эми Криштиану Роналду ага жооп кылып футбол тобу жана футболка берди.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен Криштиану Роналду эки жылдан бери инстаграм аркылуу жеке баарлашып турат. Хабиб атактуу португалиялык футболчу өзүнүн мушташына секундант болууга чакырган. Ал эми Криштиану Роналду футбол оюнун көрүп кетүүгө чакырган.

Нурмагомедов атайын Испания чемпионатынын 23 туру боюнча мадриддик “Реал” менен «Реал Сосьедад» командасынын беттешүүсүнө көрүп жана Криштиану Роналдунун мейманы болуп кайтты.

Эсиңиздерге сала кетсек, Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири, 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 25 мушташта 25 жеңүү менен жыйынталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!