Биздин түшүнүгүбүзгө муктаж адамдарга сөзсүз эле материалдык жардам көрсөтүш керек деген нерсе калыптанып калган. Бирок колунда акчасы болбосо деле өз эрки менен жардам көрсөткөн атуулдарыбыз арбын. Алардын арасында ыктыярчы, студент Перизат Жапарова дагы бар. Ал учурда улгайып, төшөктө жаткан карыяларды карайт.
Перизат учурда Бишкектеги жогорку окуу жайларынын биринде окуйт. “Кызыл Ай” коомуна ыктыярчы болуп киришине анын агасы түрткү болгон.
- Мен студенттик күндөрүм башталгандан тарта эле окуу менен гана алек болдум. Башка эч кандай кошумча жумушум жок, убактым абдан көп эле. Экинчи курс кезимде байкем мага “Кызыл Ай” коому жөнүндө айтып калды. Ал жактан көп нерсеге үйрөнүп, эң башкысы муктаж адамдарга жардам бере алаарымды айтты. Мен үчүн ал маанилүү себеби ар дайым муктаж болгондорго “кантип жардам бере алам”- деп ойлонуп келгем. Бирок менин жардам берүүгө акчалай каражатым жок болгондуктан жардам көрсөтө алган эмесмин. Агамдын айтканы менен “Кызыл Ай” коомуна ыктыярчы болуп кирдим. Мени мурдатан ойлондурган суроомо жооп таба алдым “ал эмне” десениз, каражаты жок деле адамдарга жардам берсе болот. Себеби акчалай жарадамдан да мурда адамдар муктаж болгон нерселер бар экенин билдим.
“Карыялар канча жылдан бери ооруп жатса дагы өздөрүн абдан позитивдүү алып жүрүшөт”
- Азыркы убакта бир менин көзөмөлүмдө турган кароосуз калган бир карыя бар. Анын жашындагы башка адамдар үй-бүлөсү, неберелери менен алек болсо ал жалгыздыкта күн кечирет. Эртели кеч кыймылдабай төшөктө жатат. Суткасына бир гана жолу тамактанат. Муундары иштебейт. Канча жылдан бери ооруп, төшөктө жатат. Аны тургузуп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ылайыкташкан коляскага олтургузуу процесси оӊой эмес. Ага атайын кийимдерин кийгизип, тросс менен көтөрүп коляскага олтургузасыӊ. Анан аны айдап алып ашканасына барып тамактандырам. Ал абдан баарлашууга муктаж. Тамактануу учурунда жакшы нерселерди жеп окуяларды айтып бргенди жатырат. Канча жылдан бери ооруп жатса дагы абдан позитивдүү. Мен аны угуп, сүйлөшүп жалгыздыгын сездирбегенге жардам берем. Бул ал үчүн абдан маанилүү экенин билип көбүрөөк убакыт бөлгөнгө аракет кылам. Аны шыктандыруу менен өзүм да шыктануу алам.
“Ыктыярчы болуу менен адамдарды динине, аймактарга, улутуна жараша бөлүнбөгөнгө үйрөндүм”
- Мындан тышкары менин багуумдагы 2 карыя бар. Албетте, мамиледе ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болосуӊ. Мисалы карыяларга телефон чалып азыр барам десең ал үйүнөн чыгып бир жакка кетип калат. Унутуп калышат. Кулактары жакшы укпагандыктан кыйкырып сүйлөөгө туура келет. Кээде сабактан жумуштан чарчап баргыӊ келбеген учур болот. Жоопкерчиликти ойлогондо жана алар сени күтүп сенин жардамыӊа муктаж экенин эстегенимде чыйрала түшөм. Ыктыярчы болуу менен адамдарды динине, аймактарга, улутуна жараша бөлүнбөгөнгө үйрөндүм. Мен үчүн баары бирдей. Баарыбыз адамбыз. Ар бир адамды сыйлоону үйрөндүм. Каражаты жок деле жардам берүүнү каалаган жүрөгүм дем күч берет. Ыктыярчы болгонума сыймыктанам жана аны улантам.