​Паралимпиада 2018: бүгүнкү медал эсеби

​Паралимпиада 2018: бүгүнкү медал эсеби
12-Март 2018, Дүйшөмбү, 02:17

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XII паралимпиада кышкы оюндарынын экинчи күнү жыйынтыгында АКШ алдыда келе жатат. Оюндар спорттун алты түрүндө жүрүүдө. Жалпысынан 80 жуп медалга 567 спортчу 48 улуттук паралимпиада комитеттеринин атынан катышууда.

2018-Паралимпиада оюндарынын урааны “Бизди дилгирлик алдыга тартат”! Уюштуруучулардын пикири боюнча адамдардын туюму бирдиктүү дүйнө жаратат. Анда эч кимдин белгилерине карабай баардыгы батышып, ынтымактуу жашай алышат.

XII кышкы Паралимпиада оюндарына Орусиянын спортчулары “нейтралдык паралимиада атлеттери” деген макам менен катышууга уруксат берилди. Мелдештерге орусиялык 30 спортчу катышууда.

Ал эми 11-марттагы медал эсептери төмөндөгүчө:

1. АКШ - 9 медал (4 алтын, 3 күмүш, 2 коло)

2. Франция - 6 медал (3 алтын, 2 күмүш, 1 коло)

3. Словакия - 5 медал (3 алтын, 1 күмүш, 1 коло)

4. Германия - 5 медал (2 алтын, 3 күмүш, 0 коло)

5. Канада- 6 медал (2 алтын, 1 күмүш, 3 коло)

6. Украина – 6 медал (2 алтын, 1 күмүш, 3 коло)

7. Нейтралдыкпаралимпиядалыкспортчулар (Россия)3 медал (2 алтын, 1 күмүш, 0 коло)

8. Швейцария - 2 медал (2 алтын,0 күмүш, 0 коло)

9. Беларуссия - 4 медал (0 алтын, 2 күмүш, 2 коло)

10. Великобритания- 3 медал(0 – алтын,2 күмүш, 1 коло)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!