Үй жыйнаганда унутта калган жерлер

 Үй жыйнаганда унутта калган жерлер
11-Апр. 2018, Шаршемби, 14:39

Биз батирибиздеги терезе, эшик менен полду тез-тезден жууп, муздаткычтын ичин тазалап, ноутбук же планшеттин бетин сүртөбүз, кийимдерибизди жуйбуз. Бирок, анда-санда сүртүүнү талап кылган жерлер менен заттарды унутуп калабыз. Бул жерлерди да жумасына, айына же айына бир жууп, жыйнап турууну унутпайлы.

1.Килемдин ички жагы. Килемге терең сиңип калган чаңды кетирүү үчүн аны оодарып, экинчи бетин да чаң соргуч менен тазалаңыз.

2. Жалюзи. Аларды материалына жараша тазалоо керек. Металл жалюзилерди тазалоочу каражаттарды кошуп, сүрткүч менен сүртсө болот. Жыгач жалюзилерди кыргыч заттар менен сүртпөңүз. Кездеме жалюзилердеги чаңды микрофибрадан жасалган кургак сүлгү менен сүрткөн жакшы.

3. Кир жуугуч машинанын эшиги. Кир жугуч машинанын кызматын пайдалансак да, анын өзүнө көп көңүл бөлө бербейбиз. Узак убакыт бою сүртүлбөгөн машинанын эшигинде чаң батташып, керек болсо сүртүгө да кыйынчылык жаратышы мүмкүн.

4. Кир жуугуч машинанын айна салчу кутусу. Бул жерди да сүртүп, тазалап туруу ашыкча болбойт.

5. Эшиктин үстүңкү жактары. Колубуз жетпеген, көзүбүз көрбөгөн жактарда да чаң жыйналат.

6. Текчедеги крем, атырдын кутулары. Текченин чаңын сүрткөндө косметикалык каражаттардын кутуларын сүртүүнү да унутпаңыз.

7. Батареялар. Жок дегенде эки жумада жолу чаң соргуч менен кордуруп койгон оң.

8. Ваннанын алды. Ваннанын ичин тазалаганда алдын да карап коюңуз. Полду жууган чүпүрөк менен колуңуз жетпесе швабра менен бир жууп өтсөңүз жетиштүү.

9. Унитаз, самын салчу кутунун алды, арты. Бул жерлер да тазалык менен тартипти талап кылат.

10. Жерде жаткан электр зымдары. Аларды полду жууганда бирге жууп турсаңыз, чаң басып калбайт.

11. Жарык өчүрүчү каражаттар менен розеткалар. Нымдуу чүпүрөк менен абайлап сүртүңүз.

12. Гүлдөр менен гүлдүн идиши. Эгер үйдө гүл өстүргөндү жакшы көрсөңүз, жалбырактарын да сүртүүнү унутпаңыз жана алдындагы идишинин тазалыгына да маани бериңиз.

13. Орундуктардын аркасы. Орундуктардын да аркасы чаң басып калат.

14. Муздаткычтын үстү. Муздаткычтын бетименен ичин ар дайым таза кармап, үстүнкү жагын сүртүнү унутуп калабыз. Буга да маани бериңиз.

15. Муздаткычтын бетиндеги магниткалар. Кооз майда эстеликтерди да чаңдан арытууну унутпаңыз. Үйдү жыйнаган учурда аларды бир сүртүп койгон жакшы.

16. Дубал сааттары. Бийикте жана алыста тагылган сааттардын канчалык кирдегенин саатты түшүрүп, сүрткөн кезде көрөсүз.

17. Асма шамдар. Асма шамды терезе жуган каражаттар менен жуса болот. Тазаланган асма шамдардан жарык нурлары өзгөчө болуп жаркырагын байкайсыз.

18. Таштанды чакасы. Өзүңүздү канчалык таза адам катары санасаңыз да, ар дайым таштанды челегин пайдаланамын десеңиз да, челекти анда-санда жууп туруу керек. Ичине суу куюп, дезинфекциялоочу каражатты сееп, бир нече мүнөткө калтырып, ичин жууп коюңуз.

19. Тиш щеткасына арналган тирөөч. Дезинфекциялы каражат себилген эритмени куюп, жарым саатка коюп коюңуз. Кийин жууп, кургатыңыз.

20. Сумка, капчык. Жумшак, жугуч каражат менен сумканын, капчыктын ичин жана сыртын сүртүңүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!