​Месси БУУнун туризм боюнча элчиси болду

​Месси БУУнун туризм боюнча элчиси болду
11-Апр. 2018, Шаршемби, 01:53

БУУнун бүткүл дүйнөлүк туризм уюму (UNWTO) аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Мессини туризм боюнча элчи шайлады.

Жума соңунда бүткүл дүйнөлүк туризм уюмунун (UNWTO) башкы катчысы Зураб Пололикашвили “Камп Ноу” стадионунда Лионель Мессини туризм боюнча элчи шайлагандыгын билдирди.

Лионель Месси “Мен саякатка чыкканда башка маданият жана ар кандай коомчулук менен жакындан таанышууга мүмкүндүк болот. Бул дагы дүйнөнү өз көзү менен көрүп, адамдын көз карашын байытууга жол ачууда. Туристтик уюм өнүгүүнү алдыга максат кылып коюуда. Мен буга кошулганыма кубанычтамын",-деди.

Эсиңиздерге сала кетсек, Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" жана “Алтын топ” сыйлыгынын 5 жолку ээси Лионель Месси 2016-17-жылдар ичинде 37 гол киргизип, алдыга чыккан. Эки жыл удаасы менен "Барселона" чабуулчусу эң алдыңкы жыйынтыктарга жетишип келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!