​Марадона Путинди жеңиши менен куттуктады

​Марадона Путинди жеңиши менен куттуктады
20-Март 2018, Шейшемби, 00:35

Легендарлуу аргентиналык футболчу Диего Марадона Владимир Путинди Орусиянын президенти болуп кайрадан шайлангандыгы менен кызуу куттуктады. Орусия Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Панфилованын соңку жарыясына караганда, бюллетендердин 99,8% саналгандан кийин Путинге добуштардын 76,7% берилгени аныкталды. Бул Путиндин буга чейинки үч шайлоодон алгандарынан да жогору көрсөткүч болуп саналат.

Атактуу футболчу Диего Марадона өзүнүн инстаграмм баракчасына “ Бул шайлоодо Владимир Путин мыкты жыйынтарга жетишти. Жылдар өтүүдө ал эми орус лидери өзүнүн көз карашын жана энергиясын сактап келгендигине таң калам. Орус калкына менин ысык куттуктоолорумду жолдойм” деп жазды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!