Кыргыз-казак жарандары 30 күн каттоосуз жүрө алат

17-Июль 2017, Дүйшөмбү

Ушул жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү тартиби тууралуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2012-жылдын 11-майындагы Макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 2016-жылдын 17-октябрында Астана шаарында кол коюлган Протоколу күчүнө кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-июлдан тартып Кыргызстандын жарандары Казакстандын аймагында 30 календарлык күнгө чейин милдеттүү каттоосуз жүрө алышат (келген жери боюнча каттого туруу). Мурда мындай каттоо мөөнөтү 5 күн болуп эсептелчү.

Убактылуу жүрүү мөөнөтү, жарандын Кыргызстандан Казакстанга барган күнүнөн баштап, миграциялык картасы же болбосо Казакстандын аймагына кирип жатканда чек ара көзөмөлү койгон белги боюнча эсептелинет.

Кыргызстандын жараны Казакстандын аймагында 30 календарлык күндөн ашык жүргөн учурунда Казакстандын ИИМинде (барган жери боюнча каттоого туруу) каттоого туруусу зарыл.

Кыргызстандын жарандары Казакстандын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып 90 календарлык күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде каттоого туруусу зарыл жана ушунча мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

Ушундай эле эрежелер Кыргызстанга кыска мөөнөткө келүүгө ниеттенген Казакстандын жарандарына карата да колдонулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!