“БМВ” үлгүсүндөгү эки унаа кагышты

14-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан унаага кыпчылып калган адамды куткаруучулар алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ырайык, Токтогул районунун Арал айылындагы Бишкек-Ош унаа жолунун 274-чакырымында “БМВ-320” менен “БМВ-520” үлгүсүндөгү унаа кагылышкан.

Окуя болгон жерде ӨКМнын №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кыпчылып калган 1 адамды чыгарып, Токтогул райондук ооруканага жеткирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!