Баңгизатына каршы күрөш

22-Ноя. 2017, Шаршемби, 12:21

Ош шаарында ИИМдин жана Тажикстандын баңгизатын көзөмөлдөө агенттигинин жетекчилиги жолукту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 21-ноябрь күнү ИИМнин орун басары Д. Абдыкаров менен Тажикстандын Президентинин алдындагы Баңгизатын көзөмөлдөө агенттигинин башчысынын биринчи орун басары Самад Зафаров жолугушкан. Андан сырткары Кыргызстанга иш-сапар менен БУУнун Баңгизатты жана кылмыштуулукту көзөмөлдөө башкармалыгынын Программалык кеңсесинин башчысы Федулов А.В. келген.

Жумуштук иш-сапардын максаты эл аралык уюшкан баңги кылмыштуулугу менен күрөшүү боюнча түзүмдөр аралык кызматташууну бекемдөө болуп эсептелет.

Өз кезегинде Абдыкаров Кыргызстан баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк органдар менен кызматташууну өнүктүрүүгө, анын ичинен жогоруда аталган өлкөнүн тиешелүү агенттиги менен кызматташууну бекемдөө максатында бир катар иштерди жүргүзүп жатканын белгилеп кетти.

Ал эми Зафаров баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө кызматташтыкты мындан ары өнүктүүрүнү колго алуу менен сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрүлүп, Тажикстан дагы кыргыз-тажик мамилесин жакшыртууга даяр экендигин билдирди.

“Борбордук Азияда баңгитрафиги көйгөйү азыркы учурда актуалдуу бойдон калууда. Ушуга байланыштуу баңгизат чөйрөсүндөгү улуттук компетенттүү органдар аймактык кызматашууну күчөтүү керек. Ошондуктан БУУнун Баңгизатты жана кылмыштуулукту көзөмөлдөө башкармалыгы мындан ары эки мамлекеттин ортосундагы кызматташууну колдойт”,-деди Федулов.

Жолугушуу маалында ИИМ менен Тажикстандын Президентинин алдындагы Баңгизатын көзөмөлдөө агенттиги баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, эл аралык баңги кылмыштуулугу менен күрөшүүнү уюштуруу жана мамилени жакшыртуу боюнча макулдашууга кол коюшту.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!