​Тарых музейинде өрт чыкты

22-Ноя. 2017, Шаршемби, 13:10

Борбор кааладагы Тарых музейинде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-ноябрда “101” өрт өчүрүү кызматына Мамлекеттик Тарых музейинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат болжол менен саат 11:36 чамасында келип түшкөн. өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 22-июлда ушул эле музейде өрт чыгып, анда музейдин кампасын өрт чалган. Ошол учурда Тарых музейинде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан. Азыркы маалда дагы оңдоо-түзөө иштери уланууда. Музейде кыргыз элинин байыркы маданий мурастары жана Совет доорундагы эстеликтер бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!