Жол кырсыктарын «жоюуга» арналган өкмөттүк саат

22-Ноя. 2017, Шаршемби, 13:26

Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы жол кырсыктарына арналган өкмөттүк саат өткөрөт.

Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында маалым болду. Ага ылайык, өкмөттүк саат 15-2-декабрь күндөрү болот.

Буга чейин депутат Каныбек Иманалиев өлкөдө жол кырсыктары болуп көрбөгөндөй чекке жеткенин, аны талкуулоого бир саат аздык кыларын, бир күн керектелерин билдирген болчу.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутаттар жол кырсыгы үчүн жазаны катуулатуу боюнча Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү экинчи окууда жактырды.

Расмий маалымат боюнча он бир айда өлкөдө беш миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 700дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!