Белгилүү окумуштуу Өзгөрүш Шаршекеев дүйнө салды

9-Июнь 2017, Жума

Үстүбүздөгү жылдын 7-июнь күнү Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, физико-математикалык илимдердин доктору, профессор, КРнын Эл мугалими, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, белгилүү окумуштуу Өзгөрүш Шаршекеев 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдирди.


Өгөрүш Шаршекеевич 1935-жылдын 12-апрелинде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүрүп, аталган университетте окутуучу, аспирант, ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы кызматтарын аркалаган. Азыркы кезге чейин Теориялык физика кафедрасынын профессору болуп эмгектенип келген.

Окумуштуу космосту, гравитациянын эйнштейндик теориясын жана талаанын кванттык теориясын камтыган, маанилүү деп эсептелген физиканын заманбап теорияларын изилдөөгө алган. Ошондой эле илимпоз тарабынан орто мектептин окуучулары жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн физика, астрономия окуу китептери которулуп, кыргыз тилиндеги өзүнүн окуу куралдары жарыяланган. Анын ичинде 100дөн ашуун илимий эмгектери, 3 монографиясы бар.

Кыргыз илими менен педагогикасына кошкон салымы үчүн Өзгөрүш Шаршекеевичке бир катар мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган.

Анын жаркын элеси илимий коомчулуктун, кесиптештеринин жана окуучуларынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

УИАнын жалпы жамааты Шаршекеев Өзгөрүш Шаршекеевичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!