Соцтармактын жылдызына айланган Алтынай

Соцтармактын жылдызына айланган Алтынай
19-Июль 2017, Шаршемби

“Лейла” деп аталган ырды аткаруу менен Алтынай Асанбекова көз ирмемде интернет жылдызына айланды. Анткени, Ысык-Көлдүн жээгинде аталган ырды гитаранын коштоосунда аткарып жаткан анын видеосу интернет айдыңына чыгып, видое көп жолу бөлүшүлүп популярдуу болууда.

Кыздын айтымына караганда, аталган ырды буга чейин караокеде ырдап келген. Бул жолу жөн гана гитара менен ырдап көрүүнү чечкен.

“Мен чынында бул ыр популярдуу болуп кетет деп күткөн эмесмин, бирок жаштарга жага турганын ойлогом жана ага ишенгем. Анткени, курбуларымдын арасында гитаранын коштосунда ырдап калганда, алар мага бул ырды аткаруумду суранышат. Айрымдары ырды жактырып, “видоего тартып жиберчи”,- деп суранып калышат. Ошондон улам “Лейла” деп аталган ырды гитаранын коштосунда аткарып, аны социалдык тармакка жүктөөнү чечтим. Бирок, бул ырды кимдир бирөөгө арнаган жокмун, жөн гана ырды жактырам. А негизинен мага жай жана кайгылуу ырлар жагат”, -дейт Асанбекова.

Учурда социалдык тармактардын колдонуучуларынын жүрөгүнөн жагымдуу үнү менен оорун таап жаткан Алтынай быйыл Кыргыз улуттук агрардык университетинин гоедезия жана картография факультетин аяктап, азыркы тапта өз кесиби менен иштеп жаткан кези.

“Чет элдик эмес, Кыргызстандын ичинде өтө турган сынактарга катышуудан тартынам. Бул өзүмө ишенбегендиктен болушу керек. Себеби сынактарга катышууга азырынча даяр эмесмин, бирок эл алдында ырдоодон тартынбайм. Анткени, айрым учурларда ар кандай иш-чараларда же тойлордо ырдап берүүмдү сурагандар болуп калат”,- деп кошумчалады ал.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Сот-укуктук реформаны ишке ашырууга катышкан маморгандардын жолугушуусу болду
Сот-укуктук реформаны ишке ашырууга катышкан маморгандардын жолугушуусу болду
Кыргызстанга акча которуунун саны дээрлик азайды
Кыргызстанга акча которуунун саны дээрлик азайды
 Назира Айтбекова: “Күлсөм, жарыла күлөм”
Назира Айтбекова: “Күлсөм, жарыла күлөм”
Алты жаштагы бала өлгөн энесинин жанында 5 күн ачка отурган
Алты жаштагы бала өлгөн энесинин жанында 5 күн ачка отурган
Шаршеев: Чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу пикирге келдик
Шаршеев: Чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу пикирге келдик
Беттин терисин тартылыштыруучу кытай маскасы
Беттин терисин тартылыштыруучу кытай маскасы
Бишкекте гараж, магазин, контейнерлер күйүп кетти
Бишкекте гараж, магазин, контейнерлер күйүп кетти
Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында финалга чыкты
Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында финалга чыкты
Мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү тартипке келтирилет
Мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү тартипке келтирилет
​Килиан Мбаппе 275 миллион еврого “Реалга” өтөт
​Килиан Мбаппе 275 миллион еврого “Реалга” өтөт
20-сентябрь: абанын температурасы +32 градус болот
20-сентябрь: абанын температурасы +32 градус болот
12 жаштагы жоголгон бала 3 күндөн кийин табылды
12 жаштагы жоголгон бала 3 күндөн кийин табылды
​Футбол учурунда стадиондо өрт чыкты (видео)
​Футбол учурунда стадиондо өрт чыкты (видео)
Сүйүнбай Жанибеков турмуш тууралуу ырдап чыкты (видео)
Сүйүнбай Жанибеков турмуш тууралуу ырдап чыкты (видео)
Табышмактуу оору кичинекей кыздын боюн өстүрбөй койгон
Табышмактуу оору кичинекей кыздын боюн өстүрбөй койгон
Иранга карата санкциялар 48 саатта белгилүү болот
Иранга карата санкциялар 48 саатта белгилүү болот