Соцтармактын жылдызына айланган Алтынай

19-Июль 2017, Шаршемби

“Лейла” деп аталган ырды аткаруу менен Алтынай Асанбекова көз ирмемде интернет жылдызына айланды. Анткени, Ысык-Көлдүн жээгинде аталган ырды гитаранын коштоосунда аткарып жаткан анын видеосу интернет айдыңына чыгып, видое көп жолу бөлүшүлүп популярдуу болууда.

Кыздын айтымына караганда, аталган ырды буга чейин караокеде ырдап келген. Бул жолу жөн гана гитара менен ырдап көрүүнү чечкен.

“Мен чынында бул ыр популярдуу болуп кетет деп күткөн эмесмин, бирок жаштарга жага турганын ойлогом жана ага ишенгем. Анткени, курбуларымдын арасында гитаранын коштосунда ырдап калганда, алар мага бул ырды аткаруумду суранышат. Айрымдары ырды жактырып, “видоего тартып жиберчи”,- деп суранып калышат. Ошондон улам “Лейла” деп аталган ырды гитаранын коштосунда аткарып, аны социалдык тармакка жүктөөнү чечтим. Бирок, бул ырды кимдир бирөөгө арнаган жокмун, жөн гана ырды жактырам. А негизинен мага жай жана кайгылуу ырлар жагат”, -дейт Асанбекова.

Учурда социалдык тармактардын колдонуучуларынын жүрөгүнөн жагымдуу үнү менен оорун таап жаткан Алтынай быйыл Кыргыз улуттук агрардык университетинин гоедезия жана картография факультетин аяктап, азыркы тапта өз кесиби менен иштеп жаткан кези.

“Чет элдик эмес, Кыргызстандын ичинде өтө турган сынактарга катышуудан тартынам. Бул өзүмө ишенбегендиктен болушу керек. Себеби сынактарга катышууга азырынча даяр эмесмин, бирок эл алдында ырдоодон тартынбайм. Анткени, айрым учурларда ар кандай иш-чараларда же тойлордо ырдап берүүмдү сурагандар болуп калат”,- деп кошумчалады ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!