Тиш ооруса дарыгерге жеткенче чыдоонун өзү кыйын. Тиш дарыгериндеги кезек күтүп отуруу тууралуу сөз кылбасак да белгилүү. Эгер баланын тиши ооруса эмне кылабыз? Бала тамак жеп отурганда “тишим ай” деп кыңылдай баштаса, оозун ачып, тишине тыгылып калган тамак калдыктарын текшеребиз. Чындап эле тишине тамак калдыгы туруп калып оорутуп жаткан болсо, оозун суу менен чайкап, тиш пастасы менен жууса ооруганы дароо басылат.
Баланын оозун карар туз же болбосо туз кошулмасы менен чайкатса болот. Ал үчүн бир стакан сууга туз жана ашкана содасын кошуп, оозун бир нече ирээт чайкатыңыз бул ооруганды басат. Баланын кызыл ээги шишибесе, анда жөн гана жылуу суу менен чайкатуу керек. Тиш эмалы ооруп жаткан болсо, жылуу суу ооруну басууга жардам берет. Ооруганы басылганча жылуу суу менен чайкатабыз. Баланын эмне жеп жатканын көзөмөлгө алабыз. Ооруган тишке каттуу тамактар, ысык же муздак суу тийсе оорутушу ыктымал. Тамактар менен суусундуктар болушунча бөлмө температурасында болгону жөн. Тиш кызыл ээктин оорусуна таттуулар да себеп болушу мүмкүн. Мындай жагымсыз учурда баланын тамак-ашына кычкыл, мурч, туз сыяктуу ачуу татымалдарды кошуп берсе болот. Дарыканадан калемпир майын алабыз, аны сууга эзип, оозду чайкайбыз. Балага аспирин сыяктуу чоңдорго арналган дарыларды берүүгө болбойт. Баланын тиши тез-тезден ооруучу болсо, жеңил жолу ушул болсо да, атайы чачуучу дары-дарымектерди колдонбоңуз. Анткени ал дарылар ошол гана маалда басканы менен кийин башка организмге зыян алып келиши ыктымал.
Элдик дарылоодо сарымсак колдонулат. Оң жак тиш ооруса сол колго, сол жак тиш ооруса оң колдун билегине кабыгы аарчылган бир тиш сарымсакты таңып коёбуз. Бирок үй шартында дарылап жата бербей, дарыгерге алып барууга аракет кылыңыз. Жогорудагы кеңештерди оорунун алгачкы белгилерин басуу үчүн гана колдонууга болот.