Баланын бакыты үчүн ата-энелерге 10 эреже

15-Дек. 2017, Жума, 12:55

Бардык ата-энелер баласынын ден-соолугу чың, акылдуу, боорукер, кыскасы, чыныгы бактылуу болуп чоңоюшун каалашат. Бул үчүн ата-эненин сүйүүсү эле жетишсиздик кылат. Эгер балаңыздын чыныгы бактылуу болуп чоңоюшун кааласаңыз, төмөнкү 10 эрежени сактаңыз.

1. Балаңызды эч качан алдабаңыз. Биз балабызды ошол учурдагы абалдан чыгуу үчүн же ага жагымдуу кылуунун аракетин кылып алдайбыз. Бул үчүн тарткан айыбыбыз - бир канча чоң жана жагымсыз болуп калышы мүмкүн. Ата-энесинин сөзү менен туура келбеген дүйнөдө жашоо балага оор болуп калат.

2. Эгер балаңыздын суроосуна эмне деп жооп берүүнү билбесеңиз, эч нерсе деп айтпаңыз. "Балам, мен сенин сурооңо эртең жооп берем" деп койгондун эч кандай жаман жагы жок. Бирок, чындыкты айтуудан коркпоңуз. Эгер сиз эле коркпосоңуз, бала бардык чындыкты кабыл ала алат. Андыктан, алгач өзүңүздү даярдап, анан балага айтыңыз. Бир гана алдабаңыз!

3. Унутчаактык - бул да алдагандын бир түрү. Балаңызга убада бердиңиз - унутуп калдыңыз. Балаңыз да унутуп калды да, эстегенде таарынды. Бул жакшы эмес. Убада бердиңизби - аткарыңыз. Эгер эске тутууңуз начар болсо, жазып алыңыз. Унутуп калганыңызды эстесеңиз, балаңызга түшүндүрүп, айткан убадаңызды сөзсүз түрдө аткараарыңызды айтыңыз. Бул баланын дүйнөгө болгон ишенимин бекемдейт, милдеттүү болууга үйрөтөт, сиз аны сыйлаганыңызды түшүндүрөт.

4. Балаңыз менен чын көңүлүңүздөн сүйлөшүңүз. Телевизорду карап отурган калыбыңызда: "Ай-ий, аябай сонун сүрөт тартыптырсың" деп эч качан айтпаңыз. Же сериал көргөнүңүздү токтотуңуз, же чындыгын айтыңыз: "Балам, кечирип кой. Мен азыр бош эмесмин, бошоорум менен сенин тарткан сүрөтүңдү жакшылап карайм". Дагы эле алдабаңыз: сериал бүттүбү- сөзсүз түрдө балаңыздын сүрөтүн көрүңүз.

5. Балаңызга аз көңүл бурганыңызды ага ашыкча белек алып берип жууганга аракет кылбаңыз. Акча берүү андан бетер туура эмес. Бул балаңызга болгон сүйүүңүздү акчага алмаштыруу дегендик. А дүкөнгө киргенде балаңыз өзүн татыктуу алып жүрүүсүн кааласаңыз, ага акча деген эмне, ал каяктан келээрин айтып түшүндүрүп туруңуз.

6. Эгер туура эмес кылсаңыз, аны моюнуңузга алып, балаңыздан кечирим сураңыз. "Чоңдордуку дайыма туура" деп эсептеген балаңызга чоңдордун да жаңылаарын түшүндүрүңүз.

7. Балаңызга тандоого мүмкүнчүлүк бериңиз. Дүкөнгө киргенде каалаган тамагын, кийимин, оюнчугун өзү тандоосун сунуш кылыңыз. Муну менен балаңыздын өз оюн ачык билдирип, эркин өсүшүнө жол көрсөткөн болосуз.

8. Балаңыздын бир нерседен баш тартуусун олуттуу кабыл алыңыз. Анын "жок" деп айтканга укугу бар. - "Сен дем алыш күнү чоң энеңдикине барасыңбы?" - "Жок". Демек, аны чоң энесиникине алып барбаңыз.

9. Баланын атасы менен энесине болгон сүйүүсүнө атаандаштык жаратпаңыз. Андан "сен апаңды көбүрөөк жакшы көрөсүңбү же атаңдыбы?" деп суроо туура эмес. Муну менен сиз баланын ата-энени "жакшы" же "жаман" деп салыштырууга болот деген оюн бекемдеп жатасыз. Сиз сураган учурда апасын же атасын тандагандыгы үчүн бала өзүн күнөөлүү сезет. Бул туура эмес. Тескерисинче, балага ата-эненин ар бири өзүнчө алмашкыс, экөөнүн эки башка орду бар экендигин сездирүү керек.

10. Балаңызды мактаңыз. Анын жакшы жүрүм-турумун, кандайдыр бир кичинекей ийгиликтерин баса белгилеп айтып туруңуз. Бирок эч качан "сен баарынан мыктысың!" деп айтпаңыз. Мыкты болуу оңой эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!