Балдарыңыз кандай оюндарды ойнойт?

12-Дек. 2017, Шейшемби, 13:27

Азыркы учурда балдардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө жардам берчү түрдүү оюн-зооктор тууралуу угуп келебиз. Бирок алардын көпчүлүгү терс таасир берүү менен катар, ден соолукка да түздөн-түз зыян алып келүүсү мүмкүн. Ошондуктан азыркы күндөгү оюндардын кайсынысы баланын психикасына туура келет аныктоо керек. Алгач баланын психикасына зыян келтирүүчү оюндар тууралуу сөз кылсак:

Компьютердик оюндар

Компьютердик оюндар бала психикасына терс таасир берүүсү жөнүндө эч кандай деле сыр эмес. Ал оюндарды эске сактоо жөндөмүн жана зиректикти жакшыртуу, өнүктүрүү үчүн колдонууга болот. Бирок өкүнүчкө карай, кеңири таралган оюндар агрессия менен зомбулукка үгүттөйт. Түрдүү атышкан, согушкан оюндар (мисалы, душманды таап аны өлтүрүү) балага чыны менен душмандын бар экенин жана аны жок кылуу керектигин сездирет. Мындай оюндардан кийин автоматтык түрдө бала өзүнө жакпаган адамды душман санап, ага күч колдонууга же болбосо кемсинтүүгө болот деп эсептеп калуусу мүмкүн.

Хардбол

Хардбол курал-жарактын түрлөрүн колдонгон аскердик-спорттук оюнга кирет. Куралдын жана октун түрлөрүнө байланыштуу оюн бир нечеге бөлүнөт. Оюндун эрежеси боюнча катышуучу жабыркап калуудан коргоочу атайы жабдык кийет. Бул оюн баланын «аңчылыкка чыгуусун» козгоп, ар дайм жаңы олжо издеп турат. Мындай оюндарды көп ойногон балдар тез чоң адамга окшошуп гана калбай, ошону менен бирге өзүмчүл жана аёосуз адамга айлануусуна түркүлөйт.

Экстремалдык спорт

Мындай хобби жаш өспүрүмдөргө туура келгени менен азыр ал жашы кичинекей балдар арасында да таралган. Мындай спорт түздөн-түз жаракат алуу коркунучу менен башка ички карама-каршылыкка үндөйт. Кийинки «бийиктикти» багындыра албоо же болбосо кыйыныраак трюк жасай албай калуусу баланы түңүлтөт. Андан кийин бала көңүлү калып, өз эмоциясын кармай албай, ачууга алдырып, баарын кыйратышы мүмкүн.

Кичинекей балдарга арналган оюнчуктар

Жумшак оюнчук, робот, пакимон жана башка чындыкка жатпаган оюнчукттар да кооптуу. Мындай оюнчуктар баланын оюнда курчаган айлана-чөйрөнү калыптуу кабыл алуусун жокко чыгарат. Бурмаланган түйшүк баланы чындыктан ажыратып, аны кыялга чумкутат. Ошол сыяктуу кыздарда кичинекейинен Барби куурчагын ойноп, алардын оюндагы аялдын дене мүчөсүнүн пропорциясы тууралуу туура эмес чечим пайда болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!