Баланы кышкы суукта дарылоо

20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 09:45

Бала үшүккө кабылса…

Жашоодо кээде кайсы бир себептерден улам баланын денесинин бир бөлүгүн үшүк урган учурлар кездешет. Мындай учурда ата-эне кандай чара көрүүсү кажет?

Баланын денесинин кайсы бир бөлүгүнүн үшүккө кабылышынын белгилери:

Суук, аяз адамдын терисине таасир этет. Ошондуктан тери кызарат. Бул кан тамырлардын кеңейип, өзүнүн жылуулугун денеге бере башташынын белгиси. Бирок өтө катуу суукта кан тамырлар жылуулукту иштеп чыгара албай калышат. Мындай кезде алардын милдети организмдин ичиндеги жылуулукту сактоо болуп калат да, алар ичкерет. Ушундан улам териде кан менен жабдылбаган аппак түстөгү бөлүктөр пайда болот. Дал ошолор үшүккө кабылган жерлер болуп саналат. Баланын денесинин кайсы бир бөлүгүүшүккө чалдыкканы билинсе, дароо “Тез жардам” чакырып же тезинен ооруканага алпаруу кажет. “Тез жардам” келгичекти ата-энеге эмнелерди жасоого болот да, эмнелерге тыюу салынат?

Баланы кар же муз менен жышыбоо керек

Адатта ата-энелер баланын жүзүндөгү аппак такты көрүп бетин үшүк алды го деп ойлоп, кар менен жыша башташат. Бул туура эмес, анткени үшүк алган жердеги кан тамырлар ого бетер ичкерип кетет.

Баланы дароо ысык сууга салбоо кажет. Себеби бул ыкма баланын абалын ого бетер оорлоткондон тышкары жыйынтык алып келбейт.

Баланы акырындык менен жылытуу зарыл.

Үшүк алган жерди бинт менен таңууга болбосо, анда баланын үстүн жеңил жаап, ысык суусундук ичирүү керек.

Эгер баланын колу же буту үшүккө чалдыкса, ал жерге кебез коюп, үстүнөн бинт менен таңуу кажет. Мындай таңуудан үшүк алган жердеги кан тамырлар акырындап кеңейип, кан менен жабдуу калыптанат.

Денесин чыңдоо

Баланын денесин муздак гана эмес, ысык суунун жардамы менен да чыңдаса болот.

Бул үчүн киринтип жаткан кезде алгач жышыгычты ысык сууга нымдап туруп, баланын денесин жышуу зарыл. Ысык суу кан тамырды кеңейтет. Анан жышууну токтотсо, баланын терисиндеги суу бууланып, дене муздап, кан тамыр ичкерет. Мына ушинтип кан тамырды бирде кеңейтип, бирде ичкертип отурса, баланын организми температуранын өзгөрүшүнө көнөт. Денени сүлгү менен аарчыбай, суу бууланып кетүүсүн күтүү кажет. Мындай жол аркылуу баланын денесин чыңдоого болот.

Суукка урунса…

Бала суукка урунганда ата-эне анын бутун буулаш үчүн ысык сууга салып отургузат. Бирок бардык эле балдарга бул нерсе жакпайт. Анда эмне кылса болот?

Адамдын колунда жана бутунда атайын рецепторлор бар. Алар биздин организмдин коргоо күчүн ишке салып турат. Андыктан колду же бутту ысык сууга салып буулоонун айырмасы жок. Демек, бутун ысык сууга салып отурууну жактырбаган балдардын колун бууласа болот. Ал үчүн ысык сууга горчица салып же эвкалипт тундурмасынан тамчылатып, анан баланын оюнчугун кошо салып коюу керек. Бала ойноп отуруп эле айыгууга жол алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!