Азияда аял жетишпей жатат. БУУ коңгуроо кагууда

24-Авг. 2017, Бейшемби

"Азия чөлкөмүндө аялдар дефицити байкалып жатат. БУУнун маалыматы боюнча Түштүк, Түштүк-Чыгыш жана Орто Азия элдеринде кеминде 170 миллион аял жетишпейт",- деп кабарлайт уюмдун сайты.

"Бул аймакта адамдар балдарынын уул болгонун туура көрүшөт. Уюмдун маалыматы боюнча, аялдар жетишпестиги негизги себеби ушул. Мурунку замандарда кыздарын таштап кетишип керек болсо өлтүрүп салышчу. Ал эми ультра дабыш тыңшоо аппараты пайда болгондон бери селективдүү аборт колдонула башталган. БУУ бул тажрыйбага дискриминация жана зордук-зомбулук ирээтинде каршы чыгып жатышат",- деп берилет уюмдун сайтында.

Баланын жынысына карай аборт жасатуу дүйнөдөгү калк саны эң көп эки эл Кытай менен Индияда жыныстык теңдиктин айтарлыктай бузулушуна себеп болду. Мындай жагымсыз көрүнүш Азиянын башка элдерде, ошону менен катар Кавказда да байкалып жатат. Мысалы, Кавказда ар бир 100 кызга 130 уулдан туура келет. БУУнун эксперттери мамлекеттик органдарды мындай салт менен күрөшүүгө чакырат.

«Жынысы боюнча уул баланы тандоо – аялдардын кең таралган маданий, саясий жана экономикалык теңсиздигинин белгиси жана алардын укугунун орой бузулушу. Өмүргө уул бала келсин деген талаптын таасиринен аялдар зор кысымга учуроодо. Мындай учурда кыз төрөгөн аялдар зомбулукка, ажырашууга тап болот”,- дейт БУУнун адам укугу боюнча бөлүмүнүн басма сөз катчысы Руперт Колвилл.

«Ушундай кысымга учураган аялдар үчүн УЗИ пайда болду. Эми кош бойлуу аялдар аборт жасоо аркылуу өзүн да куткарууга, никени да сактап калууга мүмкүндүк алышууда. Ал эми курсакта жаткан кезде алдырып жетишпеген аялдар кыздарын туура тамактандырышпайт, дарыгерге убактысында кайрылышпайт, эмдөө жасатышпайт. Ушундайча анын аман-эсен өсүү мүмкүндүгү болушунча төмөндөйт»,- деп кабарлайт БУУ.

Дүйнө жүзүндөгү ден соолук сактоо уюмунун башкы серепчиси Клаудиа Морена Эстеванын пикири боюнча, жыныстык теңдик бузулуу айкын байкалган элдердин катарына Азербайджан менен Армения да кирет.

БУУнун болжому боюнча, 2030-жылга карай Кытай менен Индияда 20-49 жаш аралыгындагы 20 миллион аял жетишпей турганы айтылды. Ал эми кытайлык демографтардын эсеби боюнча, 10-20 жылдан кийин бул калктын ар бир бешинчи эркек айла жок бойдок калат.

Руперт Колвилл мунун кесепеттери кыйын болоорун айтышат.

«Мисалы, кыз-келин жетишпегендиктен дүйнөнүн аймактарынан кыз импорттоо, кыйнап үйлөндурүү максатында адам сатуу проблемасы тууулат. Же болбосо бир нече ага-ини бир аял алуу тажрыйбасы пайда болуушу мүмкүн» дейт ал.

Булак: "Радио ООН"

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!