Мындан туптуура 26 жыл мурда дал ушул күнү, Кыргызстан эгемендүүлүк энчисин алаардан бир күн мурун сөөгү белгисиз жайга жашырылган кыргыз интеллигенциясынын каймактарын ак кепиндеп кайра жерге берүү зыйнаты өткөн.
Тың чыкмалардын көзүн көмүскө тазалоо 1938-жылы 5-8-ноябрь күндөрү ишке ашырылып, 137 кишинин сөөгү Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылына жашырылган. Окуянын жалгыз күбөсү учурда жашы 90го таяп калган Бүбүйра Кыдыралиева сырды 53 жыл жүрөгүндө сактап, эгемендүүлүктүн шарапаты менен ачыкка чыгарган.
Бул тарыхый датага карата Бүбүйра Кыдыралиева менен ошол кездеги КГБнын жетекчиси Болот Абдрахмановдун эскерүүлөрүн жарыялоону туура көрдүк.
Бүбүйра Кыдыралиева: “Сырды айта албай кетеримди эстесем, жаным жай алчу эмес”
Эсимде, ноябрь айынын баш чендеринде атам баарыбызды арабага отургузуп алып Кашка-Суу айылындагы аяш атамдын үйүнө конокко алып барды. Каникул убагы болгондуктан, атам ушул жакта он күн жүрөсүңөр деп койду. Өзү болсо таң заарда Кой-Ташка барып, кеч күүгүмдө аяш атамдыкына келип, каттап жүрдү. Каникул мезгили аяктап үйгө келдик. Биринчи эле байкаганым - баягы биз ойночу кирпич завод жок. Болгону андагы мештин ордуна дөң пайда болуп калыптыр. Дароо эле атамдан сурсам “түндө шамал учуруп кетиптир” деп суз гана жооп берип койду. Дагы бир байкап, бирок батынып сурай албаган учур - ата-энем бат-баттан куран окуп, бейшемби күндөрү жыт чыгарып, кечинде ыйлап калышат. Бирок эч нерсе айтышпайт. Анан бир-эки аптадан кийин эле кыш завод жактан жагымсыз жаман жыт чыгып, айлабызды кетирди. Иттер бат-баттан үрөт. Апам уугуп калбайлы деп бизге сүт ичирип койчу. Кыш мезгили аяктап калган убак эле, кечинде дөңдүн үстүнөн асан-үсөнгө окшогон шоола чыгып жатыптыр. Кийин бой жеткенде сөөк чиригенде өзүнөн-өзү күйөрүн окуп билбедимби. Баягы дөбө да жер менен бирдей болуп чөгүп кетти...
Андан соң атам согушка барып жарым жан болуп келди. Анда деле эч нерсе билдирбеди. 1970-жылдары катуу ооруп калды. Тиги дүйнөгө кетээрине көзү жетип калдыбы, айтор эки уул, эки кызын чакырып алып “баягы мешти билесиңерби, ошол жерде кыргыздын алдыңкы каймактары көмүлгөн. Жакшы заман келгенде айт” деген керээзин калтырды. Атамдан кийин бир туугандарым да баары кайтыш болуп, жалгыз калдым. Бала чагымда жан дүйнөмө бүлүк салган табышмактуу окуялардын түйүнү чечилип, кантип, кимге айтам деген суроо жүрөгүмдү өйүп жүрдү. Сталинден кийин бийликке Брежнев келди. Анын тушунда да айтууга ыгы келбеди. Көзүмдү жумсам эле арбактар келип, “качан айтасың, мезгили келди” деп шаштыргандай болот. Ошентип 53 жыл бою сырды айтуунун айласын таппай кыйналып жүрдүм. Андан кийин Горбачев бийликке келип, бардык нерселер ачык айтыла баштады. Өмүр бою жаныма тынчтык бербей келген бул сырды 3-4 кишиге айттым. Алар менин сөзүмдү укмак тургай, кагып-силкип, сен эмнени билмек элең деп кол шилтеп койду. Айтор ишендирүү кыйын болуп, эч кимге айта албай өтүп кетемби деп ойлосом жаным жай албачу болду. Кудай жалгап Болотко (Болот Абдрахманов – ред.) жолугуп, ушул жигит менен бир өмүр мойнумдаргы карыздан кутултту. Кыргызды кыргыз кылгандарды, ошончо жыл бейдарек жаткандарды кайра “тирилткен” Болотко эки дүйнө ыраазымын.
Болот Абдрахманов: “Бүбүйра эже айткан аманаттын өтөөсүнөн чыктым”
Бул тууралуу маалымат 1990-жылы декабрь айында белгилүү болду. Бүбүйра эже тууралуу университетте иштеген бирөө айтып, апада көптөн бери жүрөгүн өйүгөн сыр бар экен, угуп көрчү деп дарегин берди. Мен дароо Бүбүйра апага барып, келген жайымды айттым. Апа болсо үч саат бою ыйлап, буулугуп айтып берди. Мен апага жолукканда кыш мезгили болгондуктан, жаз айларында ошол сөөктөр жашырылган деп болжонгон жерге барууну макулдаштык. Ошентип жаз келип, ал жерге кайра бардык. Бир убакта бутубузга кирпичтин сыныгы урунуп, ошол аркылуу сөөк жашырылган жерди таптык. Анткени, ал жер мурда кирпич завод болгону маалым эмес беле.
Горбачев бийликке келип, ачык сөз айтылып, демократиялык процесстер башталган убак эле. Чынында ошол учурда жашырылган сөөктөрдү ачууга аракет жасаганыбыз КГБга аябай катуу сын болду. Мен маалыматты алгандан кийин Кыргызстандын КГБсынын башкармасы Жумабек Асанкулович деген генерал-лейтенант болчу. Ошол кишиге айттык. Азыркы эгемен Кыргызстандын коопсуздук органдарынын кызматкерлерин, андан мурдагы КГБ менен алардын эч байланышы жок, биз деген эми башка күчпүз, эл үчүн иштеген күчпүз, ошол үчүн аларды коргобой, тескерисинче алардын жумушун элге ачык көрсөтсөк, эл баа берет деген максат менен биз эч кимден коркпой эле ачтык.
Археолог Москалевду алып келип, ошо жерди чукуп олтуруп, 30 сантиметр казгандан кийин башына ок тийген адамдын баш сөөгү чыкты. Сөөктөр биринин үстүнө бири баш аламан ыргытылган. Он чакты адам чуңкурга ыргытылгандан кийин, үстү топурак менен жабылып, кайра дагы сөөктөр каршы-терши жатыптыр. Айрымдары колу-буту байланып, олтурган калыбында “катып” калган. Улам тереңдеген сайын чириген кийимдердин үзүктөрү чыга баштады. Ага улай үлбүрөп, колго кармаса ушалана тургандай абалга жеткен кагаз чыкты. Анда “5-ноябрь, 1938-жыл — Жусуп Абдрахмановду шпион катары атылсын” деген жазууну араң окудук. Андан кийин Төрөкул Айтматовдун айыптоо кагазы табылды. Он чакты алтын тиш таптык. Ал мезгилде алтын тишти чоң кызматтагы адамдар эле койдурбаса, баарынын эле кудурети жетчү эмес эле.
Мындан 26 жыл мурда Бүбүйра апага убада бергем: эже Сиздин айткан аманатыңыздын өтөөсүнөн чыгам деп. Мына эми ошол аманатты аткардым деп ишенимдүү айта алам. Биз, апа экөөбүз элибиздин алдында атуулдук милдетибизди аткардык.