Дипломаттар кызматынан кетип жатат

29-Авг. 2017, Шейшемби

АКШнын эл аралык уюмдардагы саясаттарына жооптуу Трейси Энн Якобсон жана Эл аралык баңгизат жана укук иштерине жооптуу, Тышкы иштер министринин орун басары Уильям Браунфилд кызматынан кеткени белгилүү болду. Браунфилддин жубайы да Тышкы иштер министрлигиндеги ишинен төрт ай мурда кеткени кабарланган.


Бул чегинүүлөр Трамптын Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында алгачкы жолу сөз сүйлөй турган күнгө аз гана апта калганда болуп жатканы көңүл бурдурууда.

Дональд Трамп президенттик кызматка келгенден бери кадрдык алмашуулар уланууда. Бул көрүнүштөрдү бир тобу өлкө башчысынын көз-карашы жана саясаттарына дал келбегени менен түшүндүрүүдө.


Трамп Конгресске жиберген бюджетте АКШнын Тышкы иштер министрлигинин бюджетинен 37 пайыз кыскартканын министрликке Ак сарайдын анча маани бербегени, кайдыгерлик катары баа беришкен.

Өткөн апталарда Владимир Путиндин Москвадан 700дөй акшлык жетекчилерди кетиргенде Трамп “Жакшы кылыптыр. Рахмат айтам. Акчабызды ысырап кылбайбыз”,-деген. Бул дипломатиялык чөйрөдө кызуу талкууга себеп болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!