Смартфон ээсинин өмүрүн сактап калды

5-Окт. 2017, Бейшемби, 13:49

Лас-Вегас шаарындагы кандуу кыргын окуясы дүйнөнү дүрбөткөнү ырас. Алтымышка жакын адамдын өмүрүн алып, 500дөй адамды жараланткан кылмышкердин кылыгы төбө чачты тик тургузду.

Дал ошол күнү кандуу жерге капыстан келген 33 жаштагы аялдын өмүрүн анын “iPhone” смартфону куткарып калган. Атылган ок анын телефонунун кабыгына тийип, ошол жерде такалып калган.

Аталган окуя социалдык желеде көп талкууга алынып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!