Сауд Арабия бийлиги аялдарды ишкерлик кылуусуна уруксат берди. Алар эми жолдошунун жана туугандарынын макулдугу жок эле иш кыла алат. Бул маалымат бүгүн, 19-февралда өкмөттөн келди.
Аталган өлкөдөгү аялдар саякаттоого, билим алууга, иштөөгө атасынан, агасынан же күйөөсүнүн ураксат алышат. Аялдарга карата мыйзамдардагы өзгөртүүлөрдөн кийин аларга прокурор болуп иштегенге укук берилди.