Пандалар дүйнөсүндө “Оскар”

19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 16:16

Пандалар дүйнөсүндө "Оскар" сыйлыгынын ээси Шёнбрунн зоопаркынын жашоочусу Янг-Янг болду.

Жаныбарлардын бул түрүн жактырган 300 миң адамдын добушу менен ал “Мыкты мүнөз” номинациясында ийгиликке жетти.

“Алардын ойнонуна, кыймылдарына көз салуу абдан жакшы. Абдан токтоо болгондуктан көргөн адам өзү да эс алат”,-деген зоолог Эвелин Дангл.

Янг-Янг башка бир да панда кыла албаган ишти аткарып жатат. Ал эгиз мамалактуу болгон жана аларды адамдын жардамысыз багып жатат.

“Биз бул жакка дайыма келип турабыз. Зоопарк үйгө жакын жайгашкан. Кирүү акысы да анча кымбат эмес”,-деген зоопаркка көп келген тургун.

Бүгүнкү күндө Фу Пан жана Фу Фэн атуу эгиздер Шёнбрунндун сүймөнчүгүнө айланган жана аны көрүүгө келгендердин саны өтө көп.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!